“Манас” университетинин студенттери дүйнөлүк бренд TEKNOFEST менен таанышышты


  • 2024-02-22

2024-жылдын 20-февралында КТМУнун ректоратынын жыйындар залында Түрк технология командасы фондунун (T3) Камкорчулар Кеңешинин мүчөсү, TEKNOFEST конкурсунун башкы катчысы Мухаммет Саймаз тарабынан “TEKNOFEST технология фестивалын таанытуу жана багыт берүү” темасында семинар өткөрүлдү.

Семинардын жүрүшүндө Мухаммет Саймаз студенттерге дүйнөнүн эң чоң авиация, космос жана технология фестивалы TEKNOFEST менен тааныштырып, фестивалдын алкагында өткөрүлгөн семинарлар, сыйлык алган технология сынактары, ата мекендик технология көргөзмөлөрү жана эл аралык стартап саммиттери тууралуу кеңири маалымат берди.  Коомдо технологияга кызыгууну арттырууну максат кылган TEKNOFEST Түркияда улуттук технологиянын өнүгүшүндө маанилүү ролду ойногон көптөгөн мекемелердин өнөктөштүгү менен максатына жеткенин белгиледи.

TEKNOFEST алкагында 36 ай акысыз билим берген Түрк технология командасы фондунун (T3) ишмердүүлүгүнө токтолгон Саймаз сөзүн мындай деп улантты: “Долбоорлор аркылуу жаттама билим берүү системасына каршы жаңычылдыкка багытталган, билим берүүнү жакшыртууга байланышкан ишмердүүлүк жүргүзүп келебиз. Бүгүнкү күндө адамдар өздөрүнүн талантын жана жөндөмүн жакшы билип, эркин иштей алуу менен технологиялык доордо эң жакшы жетишкендиктерге жетишебиз деген үмүттөбүз.”

Семинардын соңу эстеликке чогуу сүрөткө түшүү менен аяктады.

 

ММК жана коомчулук менен байланыш бөлүмү

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/C3rWe9PN6d9/?utm_source=ig_web_copy_link&igsh=MzRlODBiNWFlZA==

    Социалдык медиада бөлүшүү