“Шейит Эрен Бүлбүл” атындагы ден соолук борборунан студенттер үчүн маалымат семинарлары


  • 2024-03-01

2024-жылдын 27-28-февраль күндөрү “Манас” университетинин “Шейит Эрен Бүлбүл” атындагы ден соолук борбору тарабынан университетибиздеги студенттик жатакананын А жана Б блокторунда студенттер үчүн “Кызамык, кызылча, суу чечек” темасында семинарлар өткөрүлдү.

Семинарлардын жүрүшүндө терапевт Нурия Балтабаева студенттерге жугуштуу инфекциялык оорулар, алардан сактануу жолдору тууралуу деталдуу маалымат берди. Терапевт Нурия Балтабаева студенттерге сергек жашоо үчүн негизги сактык чараларын түшүндүрдү.

Семинарлар студенттердин активдүү катышуусу менен өтүп, аларга тема боюнча суроолорду берүүгө да мүмкүнчүлүк түзүлдү. Ага ылайык, жугуштуу оорулар боюнча жаштардын маалымдуулугун арттыруу аракеттери көрүлдү.      

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/C3-jg9JNQ1B/?utm_source=ig_web_copy_link&igsh=MzRlODBiNWFlZA==

    Социалдык медиада бөлүшүү