Изилдөөнү долбоорлоо семинары чоң кызыгуу жаратты


  • 2024-03-01

2024-жылдын 29-февралында Изилдөөнү долбоорлоо семинарларынын алкагында “Изилдөөнү долбоорлоо” темасында семинар уюштурулду.

Аталган иш-чарага КТМУнун профессордук-окутуучулук курамы, административдик кызматкерлер жана студенттер катышып, семинарды инженердик факультеттин компьютер инженерлиги бөлүмүнүн бөлүм башчысы,  Доц.док Рита Исмаилова өттү.

Семинардын жүрүшүндө Доц.док Рита Исмаилова изилдөөнү долбоорлоонун негиздери менен тааныштырып, алардын түрлөрү, компоненттери, методология түзүү боюнча кеңири маалымат берип, натыйжалуу изилдөө боюнча кеңештер, илимий изилдөөдө этикалык жүрүм-турумду камсыз кылуу боюнча тажрыйбалар менен бөлүштү.

Төмөндөгү шилтеме аркылуу презентация менен кеңири таанышсаңыздар болот:

Шилтеме 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/C3-Wgo0NzMg/?utm_source=ig_web_copy_link&igsh=MzRlODBiNWFlZA==

    Социалдык медиада бөлүшүү