“Манас” университетинде Рамазан боюнча илимий жыйын


  • 2024-03-07

2024-жылдын 6-мартында Касым Тыныстанов атындагы жыйындар залында өткөрүлгөн Рамазан боюнча илимий жыйын социалдык жоопкерчилик долбоорунун алкагында КТМУнун теология факультети тарабынан өткөрүлдү. Иш-чарада өз тармагынын кесипкөй адистери орозонун түрдүү аспектилерин талкуулап, катышуучулар менен маалымат бөлүшүштү.

Илимий жыйындын модератору КТМУнун теология факультетинин ислам таануу бөлүмүнүн башчысы, профессор Бекир Татлы Рамазан айынын руханий атмосферасына басым жасап, “Рамазан айы бою “Манас” телеканалы жана “Манас” радиосу аркылуу ооз ачуу жана ооз бекитүү маалдарда атайын даярдалган программаларыбызды сиздерге тартуулайбыз”, - деди.

Илимий жыйындын биринчи баяндамачысы теология факультетинин деканы, профессор Хасан Айык “Орозонун адеп-ахлактык мааниси” аттуу баяндамасы менен угуучуларга орозонун адамдын адеп-ахлак жактан өнүгүүсүнө тийгизген таасирлерин кеңири түшүндүрдү.

Теология факультетинин деканынын орун басары, Доц.м.а.док. Бакыт Мурзараимов “Диндерд орозо” темасындагы баяндамасында диндердин ортосундагы окшоштуктар менен айырмачылыктарга басым жасап, маанилүү маалыматтар менен бөлүштү.

Доц.м.а.док. Айтмамат Кариевдин “Орозонун маани-маңызы жана фикхтык өңүтү” темасындагы баяндамасы угуучуларга орозонун фикхтик жоболору менен тааныштырды.

КТМУнун “Шейит Эрен Бүлбүл” атындагы ден соолук борборунун дарыгери Гульфия Губайдуллина “Орозо жана ден соолук” аттуу баяндамасында орозонун ден соолукка тийгизген оң таасирин талкуулоо менен сергек жашоонун жана туура тамактануунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Илимий жыйын студенттердин, окутуучулардын катышуусунда интерактивдүү атмосферада өтүп, баяндамачылардын мазмундуу баяндамалары абдан жогору бааланды.

Иш-чара катышуучуларга сертификат тапшыруу менен соңуна чыкты.

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/C4Nnb-8NYwU/?utm_source=ig_web_copy_link&igsh=MzRlODBiNWFlZA==

Manas Televizyonu'nun Haber Videosu: 

https://youtu.be/5kkJWy3sTBc?si=ZMkEpzkJ1IXnTZ93

    Социалдык медиада бөлүшүү