“Манас” университети Кыргызстан-Түркия соода алакасы боюнча чогулушка катышты


  • 2024-03-15

Түркия Республикасынын Соода министрлигинин координациясында Түркиянын Экспортчулар ассамблеясы менен биргеликте Кыргызстан-Түркия соода алакасы боюнча чогулуш өттү.

2024-жылдын 14-мартында Бишкек шаарындагы “Шератон”мейманканасында өткөрүлгөн иш-чарада кыргыз жана түрк ишкерлери менен бирге Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан жана ректордун кеңешчиси, профессор Серхат Бурмаоглу да орун алды.

Ректор, профессор Алпаслан Жейлан чогулушта сүйлөгөн сөзүндө соода алакасынын бекемделиши кыргыз-түрк боордоштук мамилесине чоң салым кошорун баса белгиледи. “Манас” университети Кыргызстан менен Түркия Республикасынын ортосундагы маанилүү көпүрө экенин айткан ректор Жейлан мындай иш-чаралар кыргыз-түрк соода алакасын мындан ары да өнүктүрүүдө жана эки өлкөнүн экономикалык карым-катышын жаңы деңгээлге чыгарууда маанилүү экенин айтты.

    Социалдык медиада бөлүшүү