Ректор Жейлан “Коммуникация тармагындагы тренддер жана жаңы технологиялар” студенттик илимий-практикалык конференциянын катышуучулары менен жолугушту


  • 2024-03-30

2024-жылдын 28-мартында КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан коммуникация факультетинде уюштурулган эл аралык студенттик илимий-практикалык конференцияга катышкан окутуучулар жана студенттер менен ректораттын жыйындар залында жолугушту.  

Проректор, профессор Мехмет Сезаи Түрк жана башкы катчы, профессор Октай Өзгүлдүн катышуусунда өткөн жолугушууга Ош мамлекеттик университети, Алтай мамлекеттик университети, Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университети, Решетнёва атындагы Сибирь мамлекеттик илим жана технология университети, Л.Н.Гумилев атындагы Евразия улуттук университетинен келген окутуучулар жана студенттер катышты.

Ректор, профессор Жейлан өз сөзүндө “Манас” университети студенттерге багытталган окуу жай экенин айтып, конокторду университетибиз жана анын ишмердүүлүгү менен жакындан тааныштырды. “Сиздерди университетибизде коноктоп жатканыбызга абдан кубанычтабыз.Университетибиздин эшиги сиздер үчүн ар дайым ачык”, - деп катышуучуларга ыраазычылык билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин өкүлдөрү тарабынан ректор, профессор Жейланга эл аралык илимий-практикалык конференцияны уюштурууга кошкон салымы үчүн Ыраазычылык кат тапшырылды.

Жолугушуу эстеликке сүрөткө түшүү менен соңуна чыкты.

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/C5NUjFRtJ7s/?igsh=MThwNmExd2Ntd2thZA==

    Социалдык медиада бөлүшүү