Долбоорлорду иштеп чыгуу жана жазуу боюнча семинарлар уланууда


  • 2024-04-19

2024-жылдын 17-апрелинде Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Касым Тыныстанов атындагы жыйындар залында Долбоор иштеп чыгуу жана жазуу семинарлары II алкагында  “Коомдук илимдерде долбоордун даярдалуусу жана жазылышы” темасында семинар болуп өттү.

КТМУнун окутуучусу, доцент Эркан Эфилти тарабынан өткөрүлгөн семинар профессордук-окутуучулук курам, магистратура жана докторантура программаларынын студенттеринин көңүлүн бурду.

Семинар долбоорду иштеп чыгуунун жалпы эрежелерин жана принциптерин деталдуу карап чыгуу менен катышуучуларга жол көрсөттү. Доцент Эркан Эфилти катышуучуларга долбоордун формаларын туура толтуруу боюнча маанилүү кеңештерди берди.

Иш-чарада катышуучулардын суроолоруна жооп берген доцент Эркан Эфилти долбоорду даярдоо процессинде пайда болушу мүмкүн болгон кыйынчылыктарды жеңүү үчүн стратегияларды сунуштоо менен семинардын натыйжалуулугун арттырды.

Мындай иш-чаралар студенттердин жана окутуучулардын билимин жогорулатуу жана академиялык карьерасын өнүктүрүүсүнө салым кошуу максатында мындан ары да уюштурула бермекчи.

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/C550rkhNnHj/?igsh=OHYwNDhzYnVyMDQx

    Социалдык медиада бөлүшүү