“Манас” университетинин студенттери IX Эл аралык студенттик театр фестивалында чоң ийгиликке жетишишти


  • 2024-04-24

2024-жылдын 19-апрель күнү “Жаңы ысымдар” IX Эл аралык студенттик театр фестивалынын жабылыш аземи болуп өттү.

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Театр ишмерлер союзу жана Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университети тарабынан уюштурулган иш-чара Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин көркөм өнөр факультетинин театралдык искусство бөлүмүнүн студенттери, чыгармачыл чөйрө, театр сынчылар, драматургтар жана студенттердин катышуусунда өткөрүлдү.

Салтанаттуу аземде Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин көркөм өнөр факультетинин театралдык искусство бөлүмүнүн студенттери бир катар сыйлыктарга ээ болушту.

 “Эң мыкты театр сыны” номинациясы боюнча 1-орунду 2-курстун студенти Жылдыз Осмоналиева студенттик фестивалдын  спектаклдерине жазган рецензиялары үчүн камсыздаса, ал эми 2-орунду 4-курсунун студенти Кундуз Камчыбек кызы багындырды. “Эң мыкты драматургия” номинациясында  2-орунга “Сыр” аттуу пьесасы үчүн 4-курстун студенти Медина Муктарбек кызы ээ болду.

Чоң ийгиликтерге толгон кечеде жеңишке жетишкен студенттерибизди чын жүрөктөн куттуктайбыз!

 

    Социалдык медиада бөлүшүү