2024-жылдын 19-20-апрелинде Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин компьютер инженерлиги бөлүмү тарабынан уюштурулган “Манас Хакатон 2024” болуп өттү. Бул иш-чарага “Манас” университетинин компьютер инженерлиги бөлүмүнүн студенттери жана Ташкент маалымат технологиялар университетинин Фергана филиалынын (ТМТУ-Фергана) студенттери чогулушту. Бир убакта эки өлкөдө өтө турган иш-чара үчүн эки билим берүү мекемеси видео көпүрө аркылуу байланышты.
Хакатонго жалпысынан 48 студенттен турган 11 команда, 24 саатка созулган иш-чаранын жүрүшүндө реалдуу долбоорлорду иштеп чыгуу менен биргелешип иштөө жана долбоорлорду башкаруу жөндөмдөрүн өркүндөтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.
Хакатондо 1-орунду алган “DreamOn” командасы “Манас” университетинин компьютер инженерлиги бөлүмүнүн студенттеринен куралса, 2-орунду ТМТУ-Фергананын “ Simple-team” командасы ээледи. Үчүнчү орунду “Манас” университетинин компьютер инженерлиги бөлүмүнүн студенттеринен турган “BestCoder” командасы жеңип алды.
Хакатонду баалоо процессинде ф.-м.и.к., доц. Райымбек Султановдун төрагалыгы астында ф.и.к., доц. Бакыт Шаршембаев, т.и.к., доц. Рита Исмаилованын жана КТМУнун компьютер инженерлиги бөлүмүнүн бүтүрүүчүлөр клубунун өкүлүнүн салымы менен өткөрүлдү. Модераторлугун ага окутуучу Чынара Жумабаева жана бөлүмдүн 4-курсунун студенттери жүргүзүштү.
Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин компьютер инженерлиги бөлүмү, студенттерине ар дайым кайталангыс тажрыйбаларды тартуулаган жана аларды келечекке даярдаган мындай иш-чараларды ийгиликтүү уюштуруу менен өзгөчөлөнөт. "Манас Хакатон 2024" студенттерге реалдуу дүйнө тажрыйбасын тартуулоо менен, ар түрдүү маданияттардагы жаштарды бириктирип, технология жана кызматташтык тармактарында көпүрө курууну максат кылган.
Бул ийгиликтүү иш-чарада 1, 2, 3-орунду ээлеген бардык студенттерди куттуктап, келечектеги ийгиликтерди каалайбыз!
Haberin Fotoğrafları:
https://www.instagram.com/p/C6JnsqNNyFs/?utm_source=ig_web_copy_link&igsh=MzRlODBiNWFlZA==