Биринчи проректорлук кызматын тапшыруу аземи болуп өттү


  • 2024-04-25

2024-жылдын 25-апрелинде Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректоратында биринчи проректорлук кызматын тапшыруу аземи болуп өттү. Биринчи проректор, э.и.к. Бактыгүл Каламбекова кызматын саясат таануу илимдеринин кандидаты, доцент Ибраев Алмаз Орозакуновичке ѳткѳрүп берди.

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Камкорчулар кеңешинин катышуусунда өткөн аземде ректор, профессор Алпаслан Жейлан үзүрлүү эмгеги үчүн э.и.к. Бактыгүл Каламбековага ыраазычылык билдирип, анын эмгек жолунда ийгиликтерди каалады. Э.и.к. Бактыгүл Каламбекова да бул ардактуу милдетти аткарууга мүмкүнчүлүк берген Камкорчулар кеңешине жана бардык жетекчилерге ыраазычылык билдирди.

Ректор, профессор Алпаслан Жейлан, жаңы биринчи проректор, саясат таануу илимдеринин кандидаты, доцент Ибраев Алмаз Орозакуновичке жаңы кызматында ийгиликтерди каалап, аны менен иштешүүгө кубанычта болорун билдирди. Жаңы биринчи проректор, саясат таануу илимдеринин кандидаты, доцент Ибраев Алмаз Орозакуновичке мындай маанилүү кызматка дайындалганы ал үчүн сыймык экенин айтып, чоң ийгиликтерге жетишкен “Манас” университетинин мүчөсү катары салым кошууга кубанычта болоорун билдирди.

 

Haberin fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/C6MEqXAN_QR/?igsh=MXAyMHFraDFtcTl5cA==

    Социалдык медиада бөлүшүү