TÜBA Университет конференциялар сериясы башталды


  • 2024-05-14

2024-жылдын 13-майында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин чамгарагында Түркия Илимдер академиясынын (TÜBA) Университет конференциялар сериясынын алкагында уюштурулган маанилүү иш-чара болуп өттү.

Орто Чыгыш техникалык университетинин TÜBA ардактуу мүчөсү, профессор Метин Балжы баяндамачы катары катышкан “Илимий басма, академиялык жогорулоо жана этика”аттуу семинар ректораттын жыйындар залында өткөрүлдү.

Иш-чарага профессордук-окутуучулук курам жана студенттер катышты. Семинарда илимий макалалардын эл аралык статистикалык жыйынтыктары, университеттердеги этикага туура келбеген иш-чаралар жана Түркия университеттеринин дүйнөлүк рейтингдердеги орду тууралуу маанилүү маалыматтар менен бөлүшүлдү.

Профессор Метин Балжы өз сөзүндө Кыргызстанда эң көп басылма чыгарган университет “Манас” университети экенин баса белгилеп, бул жетишкендик сыймыктанарлык экенин билдирди.

Катышуучулар тарабынан жогору бааланган семинар суроо-жооп бөлүгү менен уланды. Иш-чара жамааттык эстеликке сүрөткө түшүү менен аяктады.

2024-жылдын 14-15-май күндөрү “Бакалавриат студенттеринин карьера менен жолугушуусу” жана “Имараттардын мүнөздөмөлөрү” аттуу конференциялар улантылмакчы.

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/manasuniv/p/C68iDIst_7H/

Instagram:

https://www.instagram.com/manasuniv/reel/C68chI0tRlw

    Социалдык медиада бөлүшүү