Келечектеги айыл чарба тармагынын лидерлери I Айыл чарба студенттик конгрессинде жолугушту


  • 2024-05-14

2024-жылдын 14-майында КТМУнун айыл чарба факультетинин 4-курсунун студенттери тарабынан I Айыл чарба студенттик конгресси болуп өттү.

I Айыл чарба студенттик конгрессине ректор, профессор Алпаслан Жейлан, айыл чарба факультетинин деканы, профессор Ахмет Айгүн, конгресске  колдоо көрсөткөн Догал А.Ш. Кыргызстан командасы, профессордук-окутуучулук курам жана студенттер катышты.

Студенттик конгрестин ачылыш сөзүн сүйлөгөн ректор, профессор Жейлан “Манас” университетинин студентке багытталган мекеме экенин баса белгилеп, бул сыяктуу иш-чаралардын маанисине көңүл бурду. “Биз бүтүрүүчүлөрүбүздүн жумушка орношуусуна жардам берүү үчүн зарыл болгон аракеттерди жасап жатабыз”, -деген ректор, профессор Жейлан “Манас” университетинин QS Stars эл аралык университеттер рейтингинде Кыргызстандагы биринчи жана жалгыз “төрт жылдыздуу университет” экенине токтолду. Бул ийгиликке жетүүгө салым кошкон ар бир адамга ыраазычылык билдирген ректор, профессор Жейлан университеттин Кыргызстандын айыл чарба жана мал чарбачылыгына олуттуу салым кошуу үчүн изилдөөлөрдү башталганын да белгилеп, конгресске катышкан бардык студенттерге ийгилик каалап сөзүн жыйынтыктады.

Андан соң сөз сүйлөгөн айыл чарба факультетинин деканы, профессор Ахмет Айгүн факультет тууралуу жалпы маалымат берип, Кыргызстанда билимдүү, ийгиликтүү студенттерди даярдоо максатында семинарларды, конгресстерди уюштуруп жатышканын билдирди. Конгрессти уюштурууга салым кошкондордун бардыгына ыраазычылык билдирген профессор Ахмет Айгүн студенттерге ийгилик каалады.

ZİRF-204 залында өткөрүлгөн конгрессте бүтүрүүчү айыл чарба факультетинин студенттеринин дипломдук иштеринин негизинде даярдалган 7 сессия өткөрүлүп, жалпысынан 34 баяндама жасалды.

Конгресс айыл чарба факультетинин бүтүрүүчүлөрүнө окуу учурунда алган билимдерин, көндүмдөрүн жана тажрыйбаларын бөлүшүүгө мүмкүнчүлүк берди.

Конгрессти салтка айландыруу пландалып, келечектеги айыл чарба тармагынын лидерлери менен адистерин чогултуп, билим жана тажрыйба алмашууга үндөдү.

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/C6-bqfqtuPd/?igsh=dzF5cTE3N3E1djBk

Instagram:

https://www.instagram.com/reel/C6-a09Lt0MY/?igsh=MTlndmc2YXhxeWRnNg==

    Социалдык медиада бөлүшүү