Көркөм өнөр факультетинен көз жоосун алган “Типография” көргөзмөсү


  • 2024-05-16

2024-жылдын 14-майында КТМУнун көркөм өнөр факультети тарабынан “Типография” аттуу көргөзмө уюштурулду.

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Курманжан Датка атындагы сүрөт галереясында уюштурулган көргөзмөдө графика бөлүмүнөн ага окутуучу, док. Үмит Дикмендин көз жоосун алган эмгектери коюлду.

Көргөзмөгө “Манас” университетинин проректору, доцент Камалбек Карымшаков, көркөм өнөр факультетинин деканы, профессор Чагатай Акенгин, профессордук-окутуучулук курам жана студенттер катышты.

“Бүгүнкү көргөзмө үчүн гана эмес, буга чейин жана мындан ары да улана турган көркөм өнөр факультети тарабынан уюштурулган бардык көргөзмөлөр үчүн ыраазычылык билдирем”, -деген проректор, доцент Камалбек Карымшаков көркөм өнөр факультети теориялык сабактарды өтүү менен гана чектелбестен, мыкты кесипкөй адистерди чыгарып жатканын баса белгиледи.

“Темаларды дагы да жакшыраак түшүндүрүү үчүн искусство агымдарын колдондук”, -деген док. Үмит Дикмен катышуучуларга көргөзмөгө коюлган эмгектер тууралуу маалымат берди.

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/manasuniv/p/C7CFG-NNkWf/

Instagram:

https://www.instagram.com/manasuniv/reel/C7BoKB_tefn

    Социалдык медиада бөлүшүү