Кесиптик жогорку мектептен көргөзмө фестивалы


  • 2024-05-17

2024-жылдын 15-майында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин кесиптик жогорку мектебинин студенттери тарабынан Курманжан Датка атындагы сүрөт галереясында үч түрдүү көргөзмө уюштурулду. Искусство сүйүүчүлөрүнүн чоң кызыгуусун жараткан “Архитектуралык моделдердин көргөзмөсү”, “Балдар оюнчуктарынын көргөзмөсү” жана “Компьютердик дизайн көргөзмөсү” келгендерге фестиваль тартуулады.

Көргөзмөнүн ачылышында сөз сүйлөгөн КТМУнун кесиптик жогорку мектебинин мүдүрү, Доц.м.а. Махмут Вурал студенттер окуу жылы боюнча алган билим жана жөндөмдөрүн көрсөткөн бул көргөзмө үчүн абдан сыймыктанганын айтты. Вурал: “Студенттердин бул ийгиликтүү иши алардын билимин чечкиндүүлүк менен улантып жатканынын көрсөткүчү. Салым кошкон бардык окутуучуларга жана студенттерге ыраазычылык билдирем”, - деп, көргөзмөнүн өткөрүүгө салым кошкондордун бардыгына ыраазычылык билдирди.

Салттуу эмерек дизайндарынын эстетикалык деталдары, архитектуралык моделдердин негиздери, колго жасалган балдар оюнчуктарынын ностальгия тартуулаган таасирлери жана компьютердик эмерек дизайндарынын заманбап линиялары менен кооздолгон бул көргөзмө искусство жана дизайндын ар түрдүү аспектилерин бириктирип, катышуучуларды шыктандырды.

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/manasuniv/p/C7JpFqdtkVf/

    Социалдык медиада бөлүшүү