Изилдөөнү долбоорлоо семинарлары уланууда


  • 2024-05-21

“Манас” университети Изилдөөнү долбоорлоо семинарларынын алкагында уюштурулган иш-чаралар менен илим дүйнөсүнө салым кошууну улантып келет. 2024-жылдын 16-май күнү кезектеги семинарды туризм факультетинин туризм жана мейманкана ишмердүүлүгү бөлүмүнүн бөлүм башчысы, Доц.док. Мустафа Мурат Кызанлыклы өттү. 

Бешинчи жолу уюштурулган семинар “Манас” университетинин профессордук-окутуучулук курамы, магистратура жана докторантура программаларынын студенттеринин катышуусунда өткөрүлдү.

Семинардын жүрүшүндө Доц.док Кызаныклы илимий изилдөөнүн негизине токтолуп, илимий изилдөө иштерин ишке ашырууда эске алынышы керек болгон жагдайлар, эрежелер тууралуу кеңири маалымат берди. Мындан тышкары, изилдөөнү долбоорлоонун маанисин баса белгилеп, катышуучуларга баалуу ыкмалар менен бөлүштү.

Семинарда изилдөө процессинин ар бир баскычында каралышы керек болгон этикалык эрежелер, маалыматтарды топтоо жана анализ ыкмаларына токтолуп, Доц.док Кызаныклы катышуучуларга илимий изилдөөдө кездешкен кыйынчылыктар жана баларды кантип жеңүү керектиги боюнча маалымат берди.

Иш-чара суроо-жооп бөлүгү менен аяктады.

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/manasuniv/p/C7Nxat0oSeu/

    Социалдык медиада бөлүшүү