“LEHÇEDİZ сөздүгүнө” байланыш ачылды


  • 2024-05-23

Университетибиз үчүн “LEHÇEDİZ сөздүгүнө”  байланыш ачылды. “LEHÇEDİZ сөздүгүндө” түрк адабиятынын бардык тарыхый жана заманбап тексттерди, түрк дүйнөсү адабиятынын маанилүү болгон тексттери боюнча маалыматтарды сунуш кылган ар тараптуу маалымат базасы. Бардык тексттердин ар бир сөзү жана сөз топтору өзүнчө чечмеленип топтоштурулган.

Эми калың сөздүктөрдү ташыбай, илим изилдөөлөрү үчүн миңдеген барактарды которбостон секундада изилдөөлөргө тыянак чыгарууга болот. Интернетке кирүү тутуму аркылуу илимий китеп же макала үчүн миңдеген маалыматтарды алууга болот.

Тарых, түрк тили жана адабияты, түркчө, азыркы түрк диалектери, китепкана ж.б. бөлүмдөр жана тексттер боюнча изилдөөгө муктаж болгон бардык бөлүмдөрдүн бирден-бир булагы.

“LEHÇEDİZ сөздүгүнө”  китепкана веб-баракчасынан же бул даректен байланыша аласыз.

Таанытуу китепчеси

    Социалдык медиада бөлүшүү