“Кыргыз Туусу” гезити ректор Жейлан менен маек курду


  • 2024-05-27

2024-жылдын 23-майында “Кыргыз Туусу” гезити Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан менен маек курду.

Ректоратта өткөн маектин жүрүшүндө профессор Алпаслан Жейлан “Кыргыз Туусу” гезитинин кабарчысы Жыпара Жээналиеванын “Манас” университетинин түптөлүшүнөн бүгүнкү күнгө чейин басып өткөн жолу, билим берүү мүмкүнчүлүктөрү, окутуу тилдери, профессордук-окутуучулук курамы, тапшыруу шарттары, бүтүрүүчүлөрдүн ишке орношуусу сыяктуу суроолоруна жооп берди.

Маекти толугу менен “Кыргыз Туусу” гезитинин 2024-жылдын 31-майында чыга турган жаңы санынан окуй аласыздар.

Белгилей кетсек, “Кыргыз Туусу” – 90 жылдык тарыхы бар кыргыз мамлекетинин туңгуч жалпы улуттук гезити. Гезитте саясат, экономика, финансы, идеология, социалдык маселелер, маданият, адабият, элдик каада-салттар, карапайым адамдардын көйгөйлөрү кеңири чагылдырылат.

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/manasuniv/p/C7d5Qf5N5lY/

    Социалдык медиада бөлүшүү