Анкара шаарынын муфтийи Хасан Чынар “Ислам жана адеп-ахлак” темасында семинар өттү


  • 2024-05-28

2024-жылдын 28-майында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Касым Тыныстанов атындагы жыйындар залында “Ислам жана адеп-ахлак” темасында семинар болуп өттү.

Түркия Республикасынын Анкара шаарынын муфтийи Хасан Чынар тарабынан өткөрүлгөн семинар проректор, доцент Камалбек Карымшаков, ректордун башкы кеңешчиси, профессор Режаи Доган, университеттин профессордук-окутуучулук курамы жана бир нече студент катышты.

Иш-чаранын ачылыш сөзүн сүйлөгөн ректордун башкы кеңешчиси, профессор Режаи Доган Анкара шаарынын муфтийи Хасан Чынарга катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, ислам жана адеп-ахлак боюнча уюштурулган мындай иш-чаралар студенттердин аң-сезимине чоң салым кошорун баса белгиледи.

Муфтий Хасан Чынар исламдын адеп-ахлак принциптерин мисалдар менен түшүндүрүп, диндин инсанга жана коомго тийгизген оң таасирлерин түшүндүрдү. Муфтий өз сөзүндө адеп-ахлак адамдын жүрүм-турумун жөнгө салуучу жана коомдук тынчтыкты камсыз кылуучу негизги элемент экенин белгилеп, хадистер аркылуу студенттерге адеп-ахлактык баалуулуктарды жашоодо кантип колдонуу керектиги боюнча кеңештерди берди.

Муфтий Хасан Чынар семинарда исламдын адеп-ахлактык баалуулуктарын терең талкуулап, студенттердин бул темадагы билимин байытты. Студенттер Хасан Чынардын баяндамасын чоң кызыгуу менен кабыл алып, кунт коюп угушту.

Семинар катышуучулардын чоң кызыгуусун жаратып, студенттердин руханий баалуулуктарына болгон маалымдуулугун арттыруу менен алардын адеп-ахлактык жактан өнүгүшүнө чоң салым кошту.

Иш-чаранын соңунда муфтий Хасан Чынарга ыраазычылык баракчасы менен гүл тапшырылды.

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/C7lb6sqtyUP/?igsh=Znhlbm8ybjhjMTdo

Instagram:

https://www.instagram.com/reel/C7ie8tzt36s/?igsh=anYwMDgzbXQ1a2hp

    Социалдык медиада бөлүшүү