Ош мамлекеттик университетинин ректору профессор Жейланга диплом ыйгарды


  • 2024-06-04

2024-жылдын 31-май күнү Ош мамлекеттик университетинин 85 жылдык мааракеси чоң салтанат менен А.Сүйүнбаев атындагы борбордук стадиондо белгиленди.

85 жылдык мааракени белгилөөнүн алкагында Ош мамлекеттик университетинин ректору  Кудайберди Кожобеков Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейланга узак мөөнөттүү жана жемиштүү кызматташуу үчүн ыраазычылык билдирип, атайын диплом ыйгарды. Дипломду ректор, профессор Алпаслан Жейландын атынан биринчи проректор, саясий илимдеринин кандидаты, доцент Алмаз Ибраев алды.

“Манас” университети катары Ош мамлекеттик университетинин жетекчилигин, профессордук-окутуучулук курамын, студенттерин жана бүтүрүүчүлөрүн окуу жайдын 85 жылдык мааракеси менен чын жүрөктөн куттуктап, билим берүү жана илим жаатындагы эки университеттин кызматташтыгы, достугу бекемделишине тилектешпиз.

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/manasuniv/p/C7yoSmTthei/

    Социалдык медиада бөлүшүү