Ректор Жейлан Борбордук Азиянын уюл жылдызы: “Манас” университети тууралуу маек курду


  • 2024-06-14

“Sokol media” маалымат агенттиги Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан менен маек курду.

2024-жылдын 24-майында “Манас” университетинин “Түрк дүйнөсү” ботаникалык бакчасында өткөн маектин жүрүшүндө университеттин ийгилик баяны жана кыргыз тилине кошкон салымы тууралуу сөз болду.

Билим берүүдөгү 30 жылдык ийгилик баяны

Маекте ректор, профессор Алпаслан Жейлан 30 жылга жакын тарыхы бар “Манас” университетин түптөөдөгү максаттар жана билим берүү мүмкүнчүлүктөрү, жетишкендиктери,  студенттер үчүн каралган шарттар, тапшыруу үчүн критерийлер жана талаптар, окутуу тилдери, профессордук-окутуучулук курам, бүтүрүүчүлөрдүн ишке орношуусу тууралуу кеңири маалымат берди.

Кыргыз тилине зор салым

“Sokol media” маалымат агенттигинин кабарчысы Бегайым Курманбекованын “Манас” университетинин  кыргыз тилине кошкон салымы тууралуу да берген суроосуна ректор, профессор Жейлан окуу жайдын кыргыз тилинде билим берүүгө зор салым кошконун белгиледи. Университеттин басмаканасынан кыргыз жана түрк тилдеринде элүүгө жакын китеп басылып чыкканын, окуу материалдары даярдалганын элүү миң сөздөн турган сөздүк даярдашканын баса белгиледи. Бул аракеттердин баары университеттин кыргыз тилине кошкон салымдын көрсөткүчү экенин билдирди.

Эл аралык деңгээлде сапаттуу жана акысыз билим берүү

Маектин жүрүшүндө ректор, профессор Жейлан эл аралык деңгээлде сапаттуу жана акысыз билим берген өлкөдөгү бирден-бир окуу жай катары таанымал болгон “Манас” университети экенин жана бул өзгөчөлүктөрү менен билим берүү тармагында өлкөдөгү башка жогорку окуу жайларга үлгү болорун билдирди.

Интервьюну толугу менен төмөндөгү шилтеме аркылуу “Sokol media” маалымат агенттигинин YouTube каналынан көрө аласыздар:

https://youtu.be/tnWX0sRXe2E

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/manasuniv/p/C8MmoY6NLC3/

Instagram:

https://www.instagram.com/manasuniv/reel/C8MpYGStVqJ/

    Социалдык медиада бөлүшүү