Бишкекте “Диван лугат ат-түрк”: Түрк дүйнөсүнүн орток баалуулуктары аттуу эл аралык конференция өткөрүлүүдө


  • 2024-06-25

Түркия илимдер академиясы жана Түрк тил институту менен Улуттук илимдер академиясынын Чыңгыз Айтматов атындагы тил жана адабият институтунун салымы менен “Жазылышынын 950-жылдыгына карата Диван лугат ат-түрк: Түрк дүйнөсүнүн орток баалуулуктары” аттуу эл аралык конференция Бишкек шаарындагы Новотелде башталды. 24-25-июнь күндөрү эки күнгө созулган конференция Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу, Түрк мамлекеттери уюмунун башкы катчысы, элчи Кубанычбек Өмүралиев, Түркия илимдер академиясынын төрагасы, профессор Шахин Мустафаев, Түркия Республикасынын Түрк тил институтунун төрагасы, профессор Осман Мерт, Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси, тарых илимдеринин кандидаты, доцент Арслан Койчиев, Кыргыз- Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан жана ЮНЕСКО Түркия улуттук комиссиянын төрагасы, профессор Өжал Огуздун ачылыш сөздөрү менен башталды.

Ачылыш сөздөрүндө Кашкарлык Махмуд жазган “Диван лугат ат-түрк” түрк тилинин белгилүү эң эски сөздүгү экендиги гана эмес, ошондой эле XI кылымдагы түрк дүйнөсүн, түрк уруу жана коомдорунун ишенимдерин, мифологиясын, жашоосун, социалдык түзүлүшүн, географиясын, элдик адабиятын камтыган энциклопедия экендиги баса белгиленди. Дүйнөдөгү алгачкы салыштырмалуу тил илимдеринин биринчи чыгармаларынын бири болгон “Диван лугат ат-түрк” түркология жана түрк элдери үчүн гана эмес, жалпы илим үчүн да чоң мааниге ээ экендиги, ошол себептен 2024-жылы “Диван лугат ат-түрктүн 950-жылдыгы” ЮНЕСКОнун эскерүү жана белгилөө, куттуктоо жылдык программасына киргизилгендиги айтылды.

Университеттин ректору, профессор Алпаслан Жейлан ачылыш сөзүндө Кашкарлык Махмуддун түрк элинин ким экендигин жана маданий баалуулуктарын чоң дыкаттык менен жазган “Диван лугат ат-түрк” эмгегинин жазылган мезгилинин социалдык-маданий түзүлүшүн, түрк элдеринин жашоо турмушун, ишенимдерин жана дүйнө таанымын чагылдырган маданий байлык экендигин баса белгиледи. Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин эң маанилүү милдеттеринин бири Кашкарлык Махмуддун мурасын жашатуу жана анын эмгектерин жаңы муундарга өткөрүү экендигин белгилеген ректор, профессор Жейлан бул баалуу чыгарманы таанытууга жана изилдөөлөргө салымдарын кошуу боюнча көрсөткөн аракеттерин уланта берерин айтты.

Конференцияда Кашкарлык Махмуддун өмүрү, “Диван лугат ат-түрктүн” жазылыш максаты, жазылган мезгилинин тарыхый өзгөчөлүктөрү, тили, котормолору, бул багытта жасалган изилдөөлөр, түрк тилдери жана түрк элдеринин тарыхы менен этнографиясы, түрк дүйнөсү үчүн маанилүүлүгү сыяктуу темалар Кыргызстан, Түркия, Өзбекстан, Азербайжан жана Казахстандан келген илим чөйрөсүндөгү адамдар тарабынан баяндамалар жасалат.

    Социалдык медиада бөлүшүү