23-жыл бүтүрүүчүлөрү мантия ыргытты


  • 2024-06-26

Кыргыз-Түрк “Манас” университети 2023-2024-окуу жылынын 23-жыл бүтүрүүчүлөрүн чоң салтанат жана сыймык менен узатты.

2024-жылдын 25-июнунда Чыңгыз Айтматов атындагы кампустун ачык асман алдындагы спорт аянтчасында өткөрүлгөн “Бүтүрүү аземи” унутулгус болуп калды.

Аземге Түркия Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доган, Пакистан Ислам Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Хасан Али Зайгам, Азербайжан Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Иран Ислам Республикасынын жана Венгриянын Кыргызстандагы элчиликтеринин өкүлдөрү, Түркия Республикасынын Жогорку кеңешинин 27-чакырылышындагы Жогорку Кеңештин депутаты, Метин Явуз, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү, “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан, биринчи проректор, саясий илимдеринин кандидаты, доцент Алмаз Ибраев, проректорлор профессор Мехмет Сезаи Түрк жана доцент Камалбек Карымшаков, башкы катчы, профессор Октай Өзгүл баштаган университеттин профессордук-окутуучулук курамы, административдик кызматкерлер, университеттин ректорлору жана биринчи проректорлору, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, студенттер жана алардын үй-бүлөлөрү катышты.

2023-2024-окуу жылынын бүтүрүүчүлөрүнүн парады жана эки өлкөнүн мамлекеттик гимндерин аткаруу менен башталган салтанаттуу азем ачылыш сөздөрү менен уланды.

Бүгүн уядан учуу күнү

Биринчи ачылыш сөзүн сүйлөө үчүн сахнадан орун алган биринчи проректор, саясий илимдеринин кандидаты, доцент Алмаз Ибраев бүтүрүүчүлөргө кайрылып, “Мен бүгүнкү бүтүрүүчүлөргө айтмакчымын, сиздер абдан бактылуу экенсиздер. Анткени өзгөчө бир университетти бүтүрүп жатасыздар. Бүгүн чындыгында тарыхый күн. Себеби “Манас” университети Кыргызстандын, Түркиянын келечегине  салым кошо турган миңдеген адистерди өстүрүп жатат. Эмгегиңиздердин үзүрүн сөзсүз көрөсүздөр. Талпынып учуп, канат кагууга бардык олдоосун көрсөткөн “Манас” университетин эч качан унутпаңыздар! Сиздерге сабак берген агай-эжейлерди эч качан унутпаңыздар! Эң негизгиси, менин изги тилегим, силерге эң жогорку наам - баарыбыз үчүн адам болуңуздар! Жогорку адеп-ахлактуу адам болуңуздар!Кымбаттуу бүтүрүүчүлөр,  келечегиңер кең болсун, асманыңар ачык болсун, жолуңар ачык болсун, ак жол каалайм!”-деди.

Табиятыбыз өзгөрдү деп ойлобогула. Бул рух – ошондогу рух!”

Андан соң сахнага чыккан “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан бүтүрүү аземиндеги куттуктоо сөзүндө бүтүрүүчүлөрдү кутутктап, буларга токтолду: “Сүйүктүү жаштар! Силер, нечен кылымдардан бери иргелип келген улуттун жана маданияттын балдарысыңар. Тарыхтын нугун бурган, дүйнөдөгү адамзаттык мураска олуттуу салым кошкон, түрк элинин жаштарысыңар. Өзөгүңөр бекем. Табиятыбыз өзгөрдү деп ойлобогула. Бул рух – ошондогу рух. Бул рух – эрдиктин жана эркиндиктин символу болгон Манас; 21 жашында Стамбулду багындырган Фатих; дүйнөлүк илимий мурастын көч башылары болгон Ибн Сина, Жусуп Баласагын, Фараби, Ахмет Ясеви; алардын мураскорлору болгон Азис Санжар, Чыңгыз Айтматов.”

Ректор, профессор Жейлан өз сөзүндө бүтүрүүчүлөрдүн билим алуусу үчүн үзүрлүү эмгектенген жана “Манас” университетинин бренд болушуна олуттуу салым кошкон баардык академиктерге терең ыраазычылык билдирип, “Сиздер бул маанилүү күндүн эң маанилүү архитекторлору катары өмүр бою өрнөк болосуздар. Бар болуңуздар!”-  деди.

Сөзүнүн аягында “Сиздер Манастын урпактарысыңар. Сиздерге мындан аркы жашооңуздарга чың ден соолук, бакыт-таалай жана ийгиликтүү жашоо каалайм. Жолуңуздар ачык болсун!” –деп 23-жыл бүтүрүүчүлөрү менен коштошту.

Түркия Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доган өз сөзүндө бүтүрүүчү жаштарды куттуктап, “Жашоодо тобокелчиликке баруудан тартынбагыла, кыйынчылыктарга моюн сунбагыла, эмгектенүүдөн качпагыла! Сөзүңөр менен өзүңөр бир болсун!”-деген кеңештерди берди. Элчи Доган аларга мындан аркы жашоосунда ийгиликтерди каалады.

Аземде КТМУнун студенттеринин аткаруусунда “Кара жорго” бийи көрүүчүлөрдүн дүркүрөгөн кол чабууларга ээ болду.

Билим берүүдөгү ийгилик, келечекке үмүт

Ачылыш сөздөрүнөн кийин бүтүрүүчүлөрдүн ант берүүсү менен уланган салтанаттуу азем чоң шыктануу менен коштолду.

QS Stars Эл аралык университеттер рейтингинде төрт жылдызга ээ болгон Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде билимин ийгиликтүү аяктаган жаштар бул маңыздуу күнү бүтүрүүчү болуунун кубанычын сезишти. Университеттик жашоосу менен коштошкон студенттер келечекке үмүт менен умтулуп, жаңы башталгычтарга кулач жайуу сезимин аземге келгендер менен бөлүштү.

Окуудагы мыкты жетишкендиктери менен даражага кирген студенттерге сыйлык тапшырылды

Алгач ар бир факультет жана жогорку мектептердин биринчилери сахнага чакырылып, жетишкендиктери үчүн сыйланышты.  Андан соң даражага кирген бүтүрүүчүлөрдүн ысымдары белгилүү болду.

Коммуникация факультетинин журналистика бөлүмүнүн студенти Бегайым Курманбекова 3,93 орточо баасы менен үчүнчү, гуманитардык факультетинин филология бөлүмүнүн орус тили жана адабияты программасынын студенти 3,97 орточо баасы менен Алина Жолчуева экинчи, ал эми гуманитардык факультетинин филология бөлүмүнүн англис тили жана адабияты программасынын студенти Айман Кенжетаева 3,99 орточо баасы менен университет биринчиси наамына ээ болду.

23-жыл бүтүрүүчүлөрдүн атынан университеттин биринчиси Айман Кенжетаева ардак тактага өзүнүн ысымын калтырып, баардыгына ыраазычылык билдирди. Айман Кенжетаеванын атасы кызынын ийгилиги менен сыймыктанарын айтып, “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан баш болгон университеттин жалпы жамаатына ыраазычылык билдирди.

Даражага кирген бүтүрүүчүлөр алган сапаттуу билими менен өз өлкөлөрүнө да, эл аралык деңгээлде да чоң салым кошо тургандыктарын билдиришти.

Аземдин атайын коногу катары чакырылган Токтобүбү Апсатар кызы да сахнада эмоциялуу көз ирмемдерди жаратты. “Манас” университетинин өмүр бою студенти болгон Токтобүбү Апсатар кызы салтанатка катышкандардын көңүлүн бурду.

Сыйлык тапшыруу аземинен кийин “Түрк дүйнөсү” музыкалык оркестринин коштоосунда сахнага чыккан Кыргызстандын өнөр адамдары Гүлзада Рыскулова, Эльзар Өскөнбаева, Сырга Сагынбекова, түрк дүйнөсүнүн өнөр адамы Ирфан Гүрдал жана Урмат Токомбаев конокторго эстен кеткис музыкалык маанай тартуулашты. Кыргыз жана түрк салттуу музыкасы менен уюштурулган иш-чара бүтүрүүчүлөргө жана конокторго маданий мурастарды сактап калуу жана бүтүрүү кубанычын толук сезүү мүмкүнчүлүгүн тартуулады. Музыка жана бийдин коштоосунда өткөн салтанат бүтүрүүчүлөр жана алардын үй-бүлөлөрү үчүн унутулгус кечеге айланды.

 “Менин эмгегим өлкөм үчүн, элим үчүн!”

23-жыл бүтүрүүчүлөрү  “Менин эмгегим өлкөм үчүн, элим үчүн!” сөздөр менен биргеликте шаң менен мантияларын ыргытышты.

Алардын мындай шаңы асманды жарык кылган фейерверктер менен коштолду. Расмий аземден кийин бүтүрүүчү студенттер белгилүү өнөрпоздордун катышуусундагы концертте көңүл ачышты.

Бул өзгөчө түн Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин академиялык ийгилигин жана маданий байлыгын дагы бир жолу ачып берди.

Бүтүрүү аземи “Манас” жана “Ülke” телеканалдарынан чагылдырылды.

Кыргыз-Түрк “Манас” университети катары 23-жыл бүтүрүүчүлөрүн куттуктап, албан-албан ийгиликтерди каалайбыз! Жолуңуздар ачык болсун, жаштар!

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/manasuniv/p/C8rbYtVtqLN/

https://www.instagram.com/manasuniv/p/C8rN3oaN_gD/

https://www.instagram.com/manasuniv/p/C8rGHU7tVPl/

https://www.instagram.com/manasuniv/p/C8rC0PsNW7U/

https://www.instagram.com/manasuniv/p/C8p1Q2JtNsQ/

https://www.instagram.com/manasuniv/p/C8pxoyLNCTv/

Instagram:

https://www.instagram.com/manasuniv/reel/C8qXCvTIz4q/

https://www.instagram.com/manasuniv/reel/C8qiebFtfx3/

https://www.instagram.com/manasuniv/reel/C8q3qWINJH9/

 

    Социалдык медиада бөлүшүү