Университеттер ортосунда академиялык кызматташуу келишимдерине кол коюлду


  • 2024-06-28

2024-жылдын 27-июнунда Догуш университети жана Бейкент университети менен Кыргыз-Түрк “Манас” университети ортосунда академиялык кызматташуу келишимдерине кол коюлду.

“Манас” университетинин ректорлук макамында университеттердин ректорлору тарабынан кол коюлган келишимдин алкагында; окуу жайлар ортосунда түрдүү долбоорлор, симпозиумдар жана конференцияларды уюштуруу менен биргелешкен илимий жана изилдөө иш-чараларын жүргүзүлмөкчү. Бакалавриат жана магистратура алмашуу программаларынын негизинде студенттер түрдүү маданият жана билим берүү системаларынан тажрыйба алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Ага ылайык, университеттер ортосунда билим жана тажрыйба алмашууну арттыруу менен студенттер жана профессордук-окутуучулук курам үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жаратуу максатын көздөйт.

    Социалдык медиада бөлүшүү