Берлинден Кыргызстанга билим саякаты


  • 2024-07-03

Берлин Эркин университетинин (FU Berlin) ветеринария факультетинин акыркы курсунун студенти Жуле Болиен практикасын өтүү үчүн Кыргыз-Түрк “Манас” университетин тандады.

Борбордук Азияны таануу каалоосу менен аймактагы университеттерди карап, натыйжада “Манас” университетинин ветеринария факультетин тандаган Жуле Болиен 2024-жылдын 27-майында баштаган алты апталык практикасын аяктады.

Англис тилдүү веб-сайттар аркылуу изилдөө жүргүзгөндөн кийин “Манас” университетинин ветеринария факультети берген мүмкүнчүлүктөрүн ылайыктуу деп тапканын айткан Болиен факультеттин деканы менен электрондук почта аркылуу байланышканда оң жооп алып, Кыргызстанга келгенин айтты.

Жуле Болиен “Манас” университетинен практикасын өтүү себеби – аны эң натыйжалуу аяктоо жана Борбордук Азиянын сыйкырдуу маданиятын таануу каалоосу экенин билдирди.

Жуле Болиен өз сөзүндө: “Манас университетинин ветеринария факультетинде өткөргөн убакыт аралыгында жалпы дарылоо, инъекция, веноздук катетерди колдонуу, жаныбарларды операцияга даярдоо, анестезия жана операцияларда жардам берүү боюнча ар тараптуу тажрыйба топтодум”,-деди. Айрыкча практикалык окутуу мүмкүнчүлүктөрүнүн көптүгүнөн жана окутуучулар менен жакын чөйрөдө иштегенине абдан кубанычта болгонун айткан Жуле Болиен өз өлкөсүнө кайтып келгенде досторуна “Манас” университетинде практикадан өтүүнү сунуштай турганын билдирди. Ошондой эле университет аны акысыз жатакана жана тамак-аш менен камсыздаганы үчүн ыраазычылык билдирип, “Манас” университети ал үчүн унутулгус тажрыйба тартуулаганын айтты.

“Манас” университети жогорку билим берүү сапаты, мүмкүнчүлүктөрү жана меймандостугу менен Борбордук Азиянын көзүнүн карегиндей жаркырап турат.

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/manasuniv/p/C8_VNFstSox/

    Социалдык медиада бөлүшүү