Биринчи проректор, саясий илимдеринин кандидаты, доцент Ибраев III Эл аралык Алтай форумуна катышты


  • 2024-07-03

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин биринчи проректору, саясий илимдеринин кандидаты, доцент Алмаз Ибраев 2024-жылдын 20-23-июнь күндөрү Россия Федерациясынын Тоолуу Алтай шаарында өткөн III Эл аралык Алтай форумуна катышты.

“Евразиялык интеграциянын алтайлык вектору: улуттар аралык жана диндер аралык макулдашууну бекемдөө кызыкчылыгында” темасындагы форум Алтай Республикасынын Өкмөтү, КМШ өлкөлөрүнүн институту тарабынан уюштурулуп, Орусиянын Мамлекеттик Думасы жана Евразия жана Африка элдеринин Ассамблеясынын колдоосу менен өткөрүлдү.  

Талкуу аянтчасы Кыргызстан, Россия Федерациясы, Монголия, Иран жана башка Борбордук Азиядагы өлкөлөрдөн келген саясий чөйрөлөрдүн өкүлдөрү, бизнес-коомчулуктардын жана жарандык бирикмелердин лидерлери, окумуштуулар, коомдук ишмерлердин катышуусунда өттү.

Маданияттар аралык диалогду, гуманитардык кызматташтыкты жана евразиялык интеграция идеяларын өнүктүрүү максатында уюштурулган форумда эл аралык демилгелердин алкагында кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланды.

Саясий илимдеринин кандидаты, доцент Ибраев “Алтайдын кайра жаралуусу – ийгиликтүү евразиялык интеграция аянтчасы үчүн цивилизациялардын бешиги” темасында презентация жасады.

Биринчи проректор Ибраев өз сөзүндө евразиялык интеграциянын алкагындагы диалогдун жана кызматташуунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, туруктуу өнүгүүгө жана маданий алмашууга багытталган ар түрдүү долбоорлордун жана демилгелердин алкагында өлкөлөрдүн кызматташтыгынын зарылдыгына көңүл бурду.

Саясий илимдеринин кандидаты, доцент Ибраев Ибраев кыргыз эли үчүн Алтай темасы өзгөчө символикалык мааниге ээ, анткени алар бул аймакты өздөрүнүн тарыхый Ата Мекени деп эсептешерин айтты. “Улуу Манастын Алтайда төрөлгөнү ар бир кыргыздын жүрөгүндө эң жылуу сезимдерди ойготуп, алардын улуттук-маданий өзгөчөлүгүндө бул жердин маанилүүлүгүн эске салат”, -деп сөзүн жыйынтыктады.

    Социалдык медиада бөлүшүү