“Манастык болуу” жарышы: “Манас”- СТЖС 2024


  • 2024-07-07

QS Stars Эл аралык университеттер рейтингинде төрт жылдызга ээ болгон Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде билим алууну эңсеген миңдеген кыргызстандык абитуриент 2024-жылдын 7-июлунда уюштурулган “Манас” университетинин студенттерди тандоо жана жайгаштыруу сынагында (“Манас”- СТЖС) күч сынашты.

Кыргызстанда бир гана жолу өткөрүлө турган “Манас”- СТЖС 2024 бул жылы да бир нече адамдын катышуусунда өттү.

7-июль, жекшемби күнү саат 10.00дө өткөрүлгөн биринчи отурум 7371 абитуриенттин катышуусунда өтүп, ошол эле күнү саат 14.30да өткөрүлгөн экинчи отурумга 3694 абитуриент ат салышты.

Чоң толкундануу жана кылдаттык менен өткөрүлгөн сынакта абитуриенттер кыялындагы университетке кадам таштоо үчүн күрөшүштү.

Абитуриенттер таң эртеден баштап сынак борборлоруна келип, толкундануу жана тынсызданууга толгон көз ирмемдерди баштан өткөрүштү.

Эртең менен саат 09:00дө абитуриенттердин сынак баракчаларын жана ID-паспортторун көзөмөлдөө менен башталган марафон сынак процесси менен уланды. Абитуриенттерге электрондук шаймандарды же тыюу салынган материалдарды алып кирбөө керектиги эскертилип, коопсуздук текшерүүсүнөн кийин алар сынак аудиторияларына киргизилди.

Ректор, профессор Жейлан жана биринчи проректор, саясий и.к., доцент Ибраевден абитуриенттерге моралдык колдоо

“Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан жана биринчи проректор, саясий и.к., доцент Алмаз Ибраев сынак аудиторияларын кыдырып, абитуриенттерге моралдык колдоо көрсөтүштү. Жолугушуулардын жүрүшүндө абитуриенттер менен баарлашып, аларга ийгилик каалаган профессор Жейлан жана саясий и.к., доцент Ибраев жаштарга болгон ишеним бекем экенин баса белгилешти.

Келечектин лидерлерине болгон ишеним чоң

Ректор, профессор Алпаслан Жейлан жолугушуу учурунда буларга токтолду: “Келечектин лидерлери боло турган жаштарга толук ишенебиз. “Манас” университети катары аларды эң мыкты деңгээлде тосуп алып, билим сапарында алар менен бирге болууга даярбыз.”

Ректор, профессор Жейлан өз сөзүндө жаштарды руханий жана улуттук баалуулуктарга ээ инсан катары тарбиялоо университеттин эң чоң максаттарынын бири экенин баса белгиледи. “Куш бир канаты менен уча албагандай эле, жаштарыбызды академиялык гана эмес, руханий баалуулуктарга да үйрөтүү биздин эң маанилүү милдеттерибиздин бири”, - деди.

Кампуста толкундануу менен күткөн абитуриенттердин ата-энелери жана жакындары менен да убакыт өткөргөн профессор Жейлан сынак процесси тууралуу маалымат берди. “Кыргыз-Түрк “Манас” университетине тапшыруу толугу менен абитуриенттин ийгилигинен көз каранды. Бүгүн талыкпай окуган ар бир абитуриенттин аракетинин акыбети кайтаарынан күмөнүм жок”, - деген ректор, профессор Жейлан сынак процессинин адилеттүү өткөнүн баса белгиледи.

Биринчи проректор, саясий и.к., доцент Алмаз Ибраев: “Мындай маанилүү учурда абитуриенттердин жанында болуу жана аларга колдоо көрсөтүү биз үчүн чоң кубаныч. Бардык абитуриенттерге ийгиликтерди каалайбыз, - деди.

Манастык болуу салтка айланды

Кыргызстандын престиждүү окуу жайларынын бири болгон “Манас” университети улуттук жана эл аралык аренадагы жетишкендиктери менен көңүл борборунда болууну улантууда. 

“Манас” университетинин бүтүрүүчүлөрүнүн бир туугандары да эжелерине, байкелерине окшоп, сапаттуу билим алуу жана “Манастык” болуу үчүн “Манас”- СТЖС 2024тө аябай күрөшүштү.

“Манас атабыздын жолун жолдоп, балдарыбызды да, неберелерибизди да “Манас” университетинде окутуп жатканыбыз биз үчүн чоң сыймык”, - деген ата-энелер университеттин билим сапатына, профессордук-окутуучулук курамдын илимий компетенттүүлүгүнө жана кампустун материалдык-техникалык базасына жогору баа беришти.

Ректор, профессор Жейлан сынакка кечигип жаткан абитуриенттерге кызматтык унаасын берди

“Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан сынакка кечигип жаткан абитуриенттерге колдоо көрсөттү. Өткөн жылдагыдай быйыл да сынак убактысына кечигип жаткан абитуриенттерди ректордун кызматтык унаасы сынак имаратына жеткирип турду.

Мындан тышкары, университеттин унаалары менен сынак өтүүчү жайларга өз убагында жете албаган абитуриенттердин нааразычылыгы азайтылды. “Манас” университетинин жетекчилигинин бул колдоо сапарын абитуриенттер жана алардын үй-бүлөлөрү кубануу менен кабыл алышты.

Сынактын жыйынтыктары 2024-жылдын 9-июль күнү белгилүү болот. Абитуриенттердин сынакта алган упайлары электрондук портал аркылуу жарыяланат. Андан тышкары абитуриенттердин алган упайлары “Манас” университетинин web-баракчасына (http://www.manas.edu.kg жана http://exams.manas.edu.kg) жарыяланат.

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/manasuniv/p/C9ITq8sNOFH/

https://www.instagram.com/manasuniv/p/C9IU7VfNxdC/

https://www.instagram.com/manasuniv/p/C9IXaB2tkbg/

https://www.instagram.com/manasuniv/p/C9IYOIeNe8R/

Instagram:

https://www.instagram.com/manasuniv/reel/C9JUHe-IGKx/

https://www.instagram.com/manasuniv/reel/C9HujOytGxL/

https://www.instagram.com/manasuniv/reel/C9HtRXLttIw/

https://www.instagram.com/manasuniv/reel/C9HqmHxtmBI/

https://www.instagram.com/manasuniv/reel/C9HYwr2NiFL/

Manas TV'nin Haberi:

https://youtu.be/EHlf88LS9sg?si=Oa3bltjWDERbSJ-E

    Социалдык медиада бөлүшүү