Ыраазычылык билдиребиз!


  • 2024-07-17

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейландын жана университеттин жогорку жетекчилигинин талыкпаган эмгеги менен көп жылдык дагы бир көйгөй чечилди.

Билим берүү жана илим жаатындагы жаңыланган мыйзамдардын негизинде Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук аттестациялык комиссия (УАК) менен “Манас” университетинин ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында окуу жайыбызда Доц.м.а.док. болуп иштеп жаткан кыргыз академиялык кызматкерлердин доценттикке арыздары кабыл алынды. Буга ылайык, Доц.м.а.док. наамы менен иштеген кыргыз академиялык кызматкерлердин дипломдору жана доценттик наамдары боюнча көйгөйлөр жоюлуп, академиялык наамды жогорулатууга жол ачылды.

Мындан улам доценттик наамдары кабыл алынган академиялык кызматкерлерге ийгиликтерди каалап, бул процесске салым кошкон өзгөчө КР Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаевага жана УАК жетекчилери баштаган бардык кызыкдар тараптарга ыраазычылык билдиребиз.

 

    Социалдык медиада бөлүшүү