Профессор Алпаслан Жейлан Байбурт шаарында өткөн Деде Коркут Эл аралык маданият жана искусство фестивалына катышты


  • 2024-07-25

28-Эл аралык Деде Коркут маданият жана искусство фестивалы Байбурт шаарында өткөрүлдү. 22-июлда Масат айылындагы Деде Коркуттун күмбөзүн зыярат кылуу менен башталган фестиваль Масат жайлоосундагы программа, Деде Коркуттун эстелигине гүлчамбар коюу, аялдар бирикмелери тарабынан уюштурулган жергиликтүү азык-түлүк жарманкесинин ачылыш аземи, элдик бийлердин көрсөтүлүүсү, Деде Коркут шаар музейин кыдыруу менен уланды. Үч күнгө созулган фестивалдын алкагында “Деде Коркуттун аңгемелери менен бүгүнкүнү окуу” аттуу конференция поэзия кечеси, Бейбөйрек найза шоусу сыяктуу маданий, спорттук, көркөм жана академиялык иш-чаралар өткөрүлдү.

“Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейландын да катышуусунда өткөн  28-Эл аралык Деде Коркут маданият жана искусство фестивалына Байбурт шаарынын губернатору Мустафа Элдиван, депутат, профессор Орхан Атеш, мэр Мете Мемиш, Байбурт университетинин ректору, профессор Мутлу Түркмен, аскер кызматкерлери, саясий партиялардын өкүлдөрү, мекемелердин төрагалары, райондордун акимдери жана көптөгөн жарандар катышты.

Байбурттун губернатору Мустафа Элдиван ачылыш аземинде сүйлөгөн сөзүндө түрк дүйнөсү менен таанылган Деде Коркут маданиятыбызда жана тарыхыбызда абдан маанилүү орунга ээ болгон түрк адабиятынын түпкү таштары катары сыпаттоого боло турган чыгармалар жаратканын белгиледи. Деде Коркуттун билдирүүлөрүнүн кечээкиге гана таандык эместигин, универсалдуу билдирүүлөрдү камтыганын баса белгилеген губернатор Элдиван: “28 жылдан бери зор эмгек жана кызмат менен улуттук, эл аралык деңгээлде өзгөчөлүккө ээ болгон Деде Коркут эл аралык маданият жана искусство фестивалы Байбурттун маданий жана көркөм жашоосуна гана салым кошпостон, ошол эле учурда мекен менен чет мамлекеттердин ортосунда көпүрө куруп жатат”, - деди.

Байбурттун мэри Мете Мемиш да үнөмдөө чаралары жана Палестинадагы окуялардан улам фестивалдын көңүл ачуучу бөлүгүн алып салгандарын белгилеп, катышуучуларга ыраазычылык билдирди.

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан 28-Эл аралык Деде Коркут маданият жана искусство фестивалынын алкагында сөз сүйлөп, Деде Коркут жана анын аңгемелери тууралуу буларга токтолду:

“Деде Коркуттун аңгемелери маркум М.Фуат Көпрүлү айткандай, бүткүл түрк адабиятын таразанын бир көзүнө, экинчи көзүнө Деде Коркутту койсоң, дагы деле Деде Коркут салмактуу болот. Чындыгында Деде Коркут түрк тилине, маданиятына жана цивилизациясына жарык чачкан эң байыркы жана эң маанилүү булактардын бири... Деде Коркуттун аңгемелери түрк улутунун коомдук жана маданий жашоосун чагылдыруу менен тим болбостон, маанилүү билдирүүлөрдү да берет. Берилгендик, мээрим, сүйүү, эки жүздүүлүк, өжөрлүк, чечкиндүүлүк, сабырдуулук, чынчылдык, чыккынчылык жана боорукердик сыяктуу түшүнүктөр аңгемелерде иштетилип, бизге сабак тартуулайт. Огуз коомунда үй-бүлө бекем пайдубалдын негизинде курулат. Аңгемелерде жубайлардын ортосундагы сүйүү жана урмат-сый, балдарга берилген баалуулук, коомдук тилектештик жана адеп-ахлактык баалуулуктар алдыңкы планга чыгат. Деде Коркуттун аңгемелериндеги окуялар жана каармандар түрк улутунун өтмүштөгү жашоо образын жана баалуулуктарын бүгүнкү күнгө жеткирет. Бул окуялар бизге ата-бабаларыбыз кандай кыйынчылыктарды жеңип, коомдук баалуулуктарды кантип сактаганын жана келечек муунга өткөрүп бергендигин үйрөтөт. Ага ылайык, “Деде Коркут” адабий чыгарма гана эмес, маданий мурастардын жана баалуулуктардын казынасы."                         

Байбурт университетине да барган ректор, профессор Жейлан окуу жайдын ректору, профессор Мутлу Түркмен менен академиялык кызматташтык тууралуу сүйлөшүүлөр жүргүздү.

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/C91sLmlNc9l/?utm_source=ig_web_button_share_sheet

    Социалдык медиада бөлүшүү