“Манас” университетинин салымы менен технопарк мыйзамы кабыл алынды


  • 2024-08-07

Университеттердин, илимий мекемелердин жана өнөр-жай уюмдарынын биргеликте илимий жана инновациялык изилдөөлөрдү жүргүзүүсүнө мүмкүнчүлүк түзгөн, кошумча нарк продукцияларды өндүрүп, бири-бири менен маалыматтык жана технологиялык алмашууларды жүзөгө ашыруусуна салым кошкон; академиялык, экономикалык жана социалдык структураларды интеграциялаган технопарктар эми Кыргызстанда дагы түзүлдү.

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейландын жигердүү салымы менен түзүлгөн технопарк жөнүндөгү мыйзам долбоору 2024-жылдын 23-июлунда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров тарабынан кабыл алынып, тиешелүү мыйзамга кол коюлду. 2024-жылдын 26-июлунда “Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинде жарыяланган мыйзам менен Кыргыз Республикасында технопарктарды түзүүнүн, иштетүүнүн жана ишин токтотуунун укуктук негиздери аныкталды.

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин атынан өлкөнүн глобалдык атаандаштык жөндөмдүүлүгүн жогорулаткан технопарктардын курулуусуна салым кошкондордун бардыгына, өзгөчө Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровго колдоо көрсөткөндүгү үчүн терең ыраазычылык билдиребиз.

Тиешелүү мыйзам менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Укуктук маалымат борборунун расмий баракчасынан тааныша аласыздар:

https://cbd.minjust.gov.kg/6-15755/edition/13296/kg

https://cbd.minjust.gov.kg/6-15755/edition/13296/ru

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/C-XV2gsNha_/?utm_source=ig_web_copy_link&igsh=MzRlODBiNWFlZA==

    Социалдык медиада бөлүшүү