Кыргыз-Түрк “Манас” университети эл аралык билим жана илим саммитине катышты


  • 2024-08-20

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан Билим берүү системасынын 100 жылдыгын белгилөөнүн алкагында эл аралык билим жана илим саммити уюштурулду.

2024–жылдын 19-20-август күндөрү Ысык – Көл облусунун  Чок – Тал  айылындагы “Дельфин” эс алуу жайында өткөрүлгөн саммитте Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева, Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин биринчи проректору, саясий и.к., доцент Алмаз Ибраев жана  Кыргызстан, Казакстан, Россия, Сингапурдун алдыңкы окуу жайлары жана билим берүү уюмдары катышты.

Аталган саммитте билим берүүнүн сапаты жана жеткиликтүүлүгү, туруктуу өнүктүрүүнүн алкагында үзгүлтүксүз окутуу, билим берүү мекемелеринин социалдык жоопкерчилик багыттарына кошкон салымдары, кызматташтыктары, долбоорлор, көп тилдүүлүк жана маданий көп түрдүүлүктү камсыз кылуу темалары каралды.

Кыргыз-Түрк “Манас университети билим берүүдөгү инновациялык жетишкендиктердин кыргыз-орус жарманкесинде чоң таасир калтырды

Саммиттин алкагында уюштурулган “Билим берүүдөгү инновациялык жетишкендиктердин кыргыз-орус жарманкесине” дагы катышкан Кыргыз-Түрк “Манас” университети жарманкеде өзү чыгарган продукциялары менен көпчүлүктүн кызыгуусун жаратты жана “Университеттен да артык” деген ураан менен алдыга умтулган университетибиз өнүгүүнүн жана инновациянын алдыңкысы экендигин дагы бир ирет көрсөттү.

Негизги максаты — билим берүү жана илим жаатында тажрыйба алмашуу, алдыңкы идеялар, технологиялар жана методикалар үчүн алмашуу аянтчасын камсыздоо, диалог жана кызматташуу үчүн натыйжалуу платформаларды түзүү болгон иш-чарада билим берүүдөгү жаңы тенденциялар, санариптештирүү, виртуалдык реалдуулук, билим берүүдөгү жасалма интеллекттин колдонулушу сыяктуу  билим берүүнүн инновациялык жаңы багыттары боюнча тажрыйба алмашуу иштери болуп өттү.

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/C-6w2w4tYgT/?utm_source=ig_web_copy_link&igsh=MzRlODBiNWFlZA==

https://www.instagram.com/p/C-6xGKXNCOb/?utm_source=ig_web_copy_link&igsh=MzRlODBiNWFlZA==

Manas TV Haberi: 

https://youtu.be/iaCST-PpoVo?si=5VjJytMHG7qTYo_M

    Социалдык медиада бөлүшүү