Мифтахетдин Акмулла атындагы Башкир мамлекеттик педагогикалык университети менен кызматташтык протоколуна кол коюлду


  • 2024-08-21

Кыргыз-Түрк “Манас” университети менен М. Акмулла атындагы Башкир мамлекеттик педагогикалык университетинин ортосунда академиялык тармакта кызматташтык протоколуна кол коюлду.

М. Акмулла атындагы Башкир мамлекеттик педагогикалык университетинин ректору, профессор Салават Сагитов 2024-жылдын 21-августунда Кыргыз-Түрк “Манас” университетине иш сапары менен келип, аталган окуу жайдын биринчи проректору, саясий и.к., доцент Алмаз Ибраев жана университеттин жетекчилиги менен жолугушту.

Жолугушуунун жыйынтыгында эки университеттин ортосунда биргелешкен илимий долбоорлор, семинарлар, академиялык кызматкерлер жана студенттерди алмашуу жана билим берүү сыяктуу багыттарды камтыган академиялык кызматташтык протоколуна кол коюлду.

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/C-7laPTtKlX/?utm_source=ig_web_copy_link&igsh=MzRlODBiNWFlZA==

    Социалдык медиада бөлүшүү