Камкорчулар кеңешинин төрагасы “Манас” университетинде


  • 2024-09-02

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Камкорчулар кеңешинин төрагалыгына жаңы дайындалган профессор Ибрахим Чапак Бишкекке келип, таанышуу жана пикир алышуу үчүн окумуштуулар кеңешинин мүчөлөрү, академиялык жана административдик кызматкерлер менен жыйындарды өткөрдү.

Профессор Ибрахим Чапак окуу жайда 2024-жылдын 2-сентябрында өткөрүлгөн жолугушууларда Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде болгонуна жана “Манас” үй-бүлөсү менен таанышканына абдан кубанычта экенин, университеттин өнүгүү деңгээли аны канааттандырганын, түптөлгөндөн бери салым кошкондордун бардыгына ыраазычылыгын билдиргиси келгенин, мындан ары “Манастык” кызматкерлер менен бирге университетти дагы да алдыга жылдырышарын айтты.

Профессор Чапак Камкорчулар кеңешинин илимге салым кошуу, студенттерге сапаттуу билим берүү, коомго пайда келтирүү жана башка максаттарын ишке ашыруу үчүн ар тараптан “Манасты” алдыга жылдырууга болгон күч-аракетин жумшай турганын баса белгиледи.

Окумуштуулар кеңешинин мүчөлөрү менен өткөрүлгөн жыйында биринчи проректор, саясий и.к., доцент Алмаз Ибраев университеттин зарыл маселелери жөнүндө Камкорчулар кеңешинин төрагасына маалымат берсе, башкы катчы, профессор Октай Өзгүл университеттеги өнүгүүлөр тууралуу презентация жасады.

Профессор Ибрахим Чапак декандар, жогорку мектептин мүдүрлөрү менен жолугушкан соң, ректораттын жыйындар залында академиялык жана административдик кызматкерлерге жыйын өткөрдү.

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Камкорчулар кеңешинин төрагасы, профессор Ибрахим Чапактын программасы түрдүү жолугушуулар менен жыйынтыкталмакчы.

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/manasuniv/p/C_a2lSgNFwU/

Manas TV'nin Haberi: 

https://youtu.be/_Znvv5tIf2

    Социалдык медиада бөлүшүү