Камкорчулар кеңешинин төрагасы билим берүү жана илим министри менен жолугушту


  • 2024-09-04

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Камкорчулар кеңешинин төрагасы, профессор Ибрахим Чапак Бишкектеги программасынын алкагында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева менен жолугушту.

Жолугушууга кубанычта экенин билдирген министр Догдуркүл Кендирбаева Түркия менен билим берүү тармагындагы карым-катнаштарга чоң маани берип, бул жаатта Түркиянын тажрыйбасын жакындан байкап жатышканын, “Манас” университети жогорку билим берүү тармагындагы бул тажрыйбаны Кыргызстанга жайылтуу, алдыңкы өнүккөн билим берүү технологияларын өткөрүп берүү иштерин да жүргүзүп жатканын белгиледи.

Догдуркүл Кендирбаева “Манас” университети азыркы атаандаштык шартында эң керектүү болгон квалификациялуу адам ресурстарын даярдоодо алдыңкы орунда экенин жана кыргыз тилинин өнүгүшүнө чоң салым кошконун белгилеп, мунун баары университеттин баалуулугун артырарын айтты.

Министрликтин университеттин Камкорчулар кеңешинде министрдин орун басары катары  өкүлчүлүгү бар экенин баса белгилеген Догдуркүл Кендирбаева мунун Кыргызстандын “Манаска” канчалык маани берип жатканынын көрсөткүчү экенин билдирди.

Университеттин ишмердүүлүгүнө мындан ары да колдоо көрсөтүп, жаңы кызматташтыктарга даяр экендиктерин белгилеген министр Догдуркүл Кендирбаева окуу жайды азыркы деңгээлинен дагы да алдыга жылдырат деген ишеничин билдирип, профессор Ибрахим Чапакка жаңы кызматында ийгилик каалады.

Камкорчулар кеңешинин төрагасы, профессор Ибрахим Чапак да министр Кендирбаеванын “Манас” университети тууралуу айткандары абдан баалуу экенин, “Манас” университетинин алдыңкы милдеттеринин арасында Кыргызстанга ар бир тармакта пайда алып келүү жана муну камсыздай турган кызматташтыкты артырарын баса белгиледи.

Жакын арада Камкорчулар кеңешинин жыйынын өткөрүү менен университеттин тез өнүгүшүнө жол ача турган чечимдерге кол коюла турганын да айткан Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Камкорчулар кеңешинин төрагасы, профессор Ибрагим Чапак тыгыз иш графигине карабастан убактысын бөлгөн министр Догдуркүл Кендирбаевага ыраазычылык билдирип, аны университетте тосуп алууга кубанычта болорун белгиледи.

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/manasuniv/p/C_fFwMttHr5

 

    Социалдык медиада бөлүшүү