Фергана мамлекеттик университетинин КТМУга иш сапары


  • 2024-09-20

Өзбекстандын Фергана мамлекеттик университетинин Психология кафедрасынын башчысы, профессор Муаззам Исакова баштаган  профессордук-окутуучулук курам Кыргыз-Түрк “Манас” университетине иш сапар менен келди.

Эки окуу жайдын ортосунда академиялык кызматкерлер жана студент алмашуу программалары боюнча түзүлгөн кызматташтык келишимдин алкагында келген делегация үстүбүздөгү жылдын 17-18-сентябрь күндөрү КТМУнун Гуманитардык факультетинин педагогика бөлүмүнүн педагогикалык-психологиялык кеңеш жана көмөк программасынын студенттерине лекцияларды, семинарларды өткөрүштү.

Иш сапар тууралуу маалымат берген КТМУнун Гуманитардык факультетинин педагогика бөлүмүнүн педагогикалык-психологиялык кеңеш жана көмөк программасынын ага окутуучусу, док. Кадиан Бообекова студенттер үчүн бул уникалдуу мүмкүнчүлүк болуп, алар тарабынан чоң кызыгууну жаратканын белгилеп, мындай деди: “Бул сыяктуу иш-чаралар студенттердин академиялык өнүгүшүнө олуттуу салым кошууда.”

Иш сапардын алкагында эки окуу жайдын ортосунда биргелешкен илимий долбоорлорду ишке ашыруу жана мындан аркы кызматташтыкты бекемдөө боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/manasuniv/p/DAIr1mQt8q3/

    Социалдык медиада бөлүшүү