Биздин студенттер жана окутуучулар Erasmus KA 171 программасынын алкагында Германиядан билим алып келишти


  • 2024-09-24

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин гуманитардык факультетинин синхрондук котормо бөлүмүнүн кыргызча-англисче программасынын студенттери Erasmus KA 171 программасынын алкагында 2023-2024-окуу жылынын жазгы семестринде Германиянын алдыңкы билим берүү мекемелеринин бири Саарланд университетинде окуп келүүгө мүмкүнчүлүк алышты. Окууну аяктаган студенттер КТМУга кайтып келип, чет өлкөдөгү академиялык тажрыйбаларын ийгиликтүү жыйынтыкташты.

Ушул эле программа аркылуу КТМУнун гуманитардык факультетинин синхрондук котормо бөлүмүнүн кыргызча-англисче программасынын ага окутуучусу, док. Гүлнура Жумалиева Саарланд университетинде сабак берип, “Манас” университетин эл аралык деңгээлдеги академиялык чөйрөдө ийгиликтүү көрсөтө алды. Док. Жумалиева билими жана тажрыйбасын бөлүшүү менен бирге эки университеттин ортосундагы академиялык кызматташтыкты бекемдөөгө өз салымын кошту.

“Манас” университети эл аралык билим берүү жана окутуу мүмкүнчүлүктөрү аркылуу студенттерине жана окутуучуларына дүйнөлүк деңгээлдеги тажрыйбага ээ болуу шарттарын түзүп келет.

Студенттерди жана окутуучуларды  маанилүү жетишкендиги менен куттуктап, аларга албан-албан ийгиликтерди каалайбыз!

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/manasuniv/p/DAS3UZ4NGoh/

    Социалдык медиада бөлүшүү