Акча Кожа маданий платформасы “Манас” университетине келди


  • 2024-09-25

Үстүбүздөгү жылдын 25-сентябрында Акча Кожа  маданий платформасынын жетекчилери баштаган делегация Кыргыз-Түрк “Манас” университетине келди.

Акча Кожа  маданий платформасы тарабынан 23-28-сентябрь күндөрү чет өлкөлөргө уюштурулган маданий сапарлардын алкагында Борбор Азиянын жаркыраган жылдызы – “Манас” университетинде болгон жолугушуу платформанын төрагасы, айыл чарба инженери Хасан Узунхасаноглунун жетекчилиги астында жүзөгө ашты. Алардын арасында Европа Биримдигинин министринин мурдагы орун басары, док. Алааттин Бүйүккая дагы орун алган бул делегацияны “Манас” университетинин биринчи проректору, саясий и.к., доцент Алмаз Ибраев жана башкы катчы, профессор Октай Өзгүл тосуп алды.

Биринчи проректор, саясий и.к., доцент Алмаз Ибраев окуу жайга болгон сапар үчүн делегацияга ыраазычылык билдирип, “Манас” университетинин өнүгүүсү жана концепциясы  тууралуу маалымат берди.

Делегациянын курамындагы Европа Биримдигинин министринин мурдагы орун басары, док. Алааттин Бүйүккая “Манас” университетинин ыкчам өнүгүүсүнө жана концепциясына суктангандыгын айтып: “Түрк дүйнөсүнүн орток маданий уюткусунан азыктанган бул окуу жайдын дүйнөлүк масштабда максатын көздөй бара жатканы биз үчүн чоң сыймык”, - деди. Келген коноктор “Манас” университетинин меймандостугуна канааттангандыктарын билдиришип, ата-бабалардын жеринде болуу алар үчүн айтып бүткүс бакыт экенин белгилешти.

“Манас” университетинин кампусунун кооздугуна жана заманбап билим берүү мүмкүнчүлүктөрүнө таасирленишкенин баса белгилеген делегация мүчөлөрү окуу жайдын түрк дүйнөсүндө алдыңкы билим берүү мекемеси болгондугу чоң сыймык экенин билдиришти.

Жолугушуу белек тапшыруу жана жамааттык эстеликке сүрөткө түшүү менен соңуна чыкты.

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/manasuniv/p/DAXZuuhtQSB

    Социалдык медиада бөлүшүү