КТМУда окумуштуулар кеңешинин 2024-2025-окуу жылындагы алгачкы жыйыны болуп өттү


  • 2024-10-11

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин окумуштуулар кеңешинин 2024-2025-окуу жылындагы алгачкы жыйыны 9-октябрда болуп өттү.

Ректор, PhD., профессор  Алпаслан Жейландын төрагалыгы астында өткөрүлгөн жыйынга окумуштуулар кеңешинин мүчөлөрү катышты.

Жыйында жаңы окуу жылында университеттин илимий жана академиялык жетишкендиктерин арттыруу стратегиялары талкууланды. Ошондой эле окутуучуларга доценттин аттестаттары ыйгарылды. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук аттестациялык комиссиянын 2024-жылдын 4-сентябрындагы жана 18-сентябрындагы №01-9/581, 01-9/630 чечимдерине ылайык, инженердик факультетинин окутуучулары; доц.м.а.док. Айчүрөк Мажитовага, доц.м.а.док. Жылдызай Өзбековага “Тамак-аш инженерлиги” тармагында, экономика жана башкаруу факультетинин окутуучулары; доц.м.а.док. Сейил Нажимудиновага, доц.м.а.док. Азамат Максудуновго, доц.м.а.док. Жунус Ганиевге, доц.м.а.док. Дамира Байгонушовага “Экономика” багыты боюнча доценттин аттестаты берилди.

Доценттин аттестаттары ректор, PhD., профессор Алпаслан Жейлан жана биринчи проректор, саясий и.к., доцент Алмаз Ибраев тарабынан окумуштуулар кеңешинин жыйналышында расмий тапшырылды.

Жыйын жаңы семестрдин ийгиликтүү өтүшүнө байланышкан тилектерди айтуу менен соңуна чыкты. 

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин жалпы жамаатынын атынан доценттик наамына ээ болгон окутуучуларыбызды куттуктап, албан-албан ийгиликтерди каалайбыз!

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/manasuniv/p/DA-rMxEN0k6/

    Социалдык медиада бөлүшүү