Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата сүрөт көргөзмөсү


  • 2024-10-17

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректоратынын фойесинде “Кара-Кыргыз областына 100 жыл” аттуу маңыздуу сүрөт көргөзмөсү уюштурулду.

2024-жылдын 17-октябрында болуп өткөн көргөзмө Кыргыз Республикасынын терең тарыхын чагылдырган сүрөттөр менен конокторго эшигин ачты.

КТМУнун тарых бөлүмү жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кинематография архиви биргелешип уюштурган көргөзмөнүн ачылышына Түркия Республикасынын Кыргызстандагы элчилигинин билим берүү боюнча кеңешчиси Күршат Дулкадир, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Камкорчулар кеңешинин төрагасы, профессор Ибрахим Чапак, КТМУнун ректору, PhD., профессор Алпаслан Жейлан, биринчи проректор, саясий и.к., доцент Алмаз Ибраев, проректорлор PhD., профессор Режаи Доган жана PhD., профессор Камалбек Карымшаков, гуманитардык факультетинин деканы, PhD., профессор Алпаслан Ашык жана студенттер катышты.

Көргөзмөгө коюлган сүрөттөрдө Кара-Кыргыз автономиялуу облусун түзүүдө салым кошкон маанилүү адамдар жана окуялар чагылдырылган. Көргөзмөдө Советтер Союзу убагындагы Кыргыз мамлекетинин негиздөөчүлөрү менен бирге Борбор Азия республикаларынын улуттук аймактарынын чек араларын делимитация кылуу максатында чогултулган Кара-Кыргыз бюросунун Түркстан комиссиясынын мүчөлөрүнүн сүрөттөрү көрсөтүлдү.

Кыргызстандын заманбап чек араларын калыптандырууда маанилүү роль ойногон адамдардын тарыхый маанисин баяндаган көргөзмө конокторго бул мезгилди тереңирээк түшүнүүгө жана кыргыз элинин улуттук иденттүүлүгүн калыптандыруу процесси менен жакындан таанышууга мүмкүнчүлүк берди.

КТМУнун тарых бөлүмүнүн ага окутуучусу, доц.м.а.док. Роза Абдыкулова көргөзмөгө коюлган сүрөттөр тууралуу маалымат берип, Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 1924-жылы түзүлүшүнүн кыргыз элинин улуттук иденттүүлүгүн өнүктүрүүдөгү чечүүчү маанисине токтолду.

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/manasuniv/p/DBOJV2rNRwC/?hl=en

Instagram:

https://www.instagram.com/manasuniv/reel/DBOdxW0tGoJ/?hl=e

    Социалдык медиада бөлүшүү