Камкорчулар кеңешинин жыйыны болуп өттү


  • 2024-10-18

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Камкорчулар кеңеши 2024-жылдын 18-октябрында ректораттын окумуштуулар кеңешинин жыйындар залында чогулду.

Жыйында Камкорчулар кеңешинин төрагасы, профессор Ибрахим Чапак, Түркия Республикасынын Президентинин Администрациясынын Стратегия жана бюджет башкармалыгынын башчысы, Жогорку билим берүү мамлекеттик комитетинин (YÖK) мүчөсү Ибрахим Шенел, Жогорку билим берүү мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары, профессор Халим Халдун Гокташ, Жогорку билим берүү мамлекеттик комитетинин мүчөсү, профессор Кемал Шеножак жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу, Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысынын орун басары Талгат Аширбеков, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тармактык саясат бөлүмүнүн башчысынын орун басары Азамат Шаршеев катышты.

Жыйындын ачылыш сөзүн сүйлөгөн Камкорчулар кеңешинин төрагасы, профессор Ибрахим Чапак бардык тармакта жетишкендиктери менен белгилүү болгон Кыргыз-Түрк “Манас” университетин Камкорчулар кеңеши катары ар дайым кеңешүү, талыкпай эмгектенүү аркылуу жогорку деңгээлге чыгара тургандыктарын айтты.

Андан соң ректор, PhD., профессор Алпаслан Жейлан университеттеги өнүгүүлөр тууралуу презентация жасады. PhD., профессор Жейлан презентацияда түрк дүйнөсүнүн жогорку билим берүүдөгү дүйнөлүк бренди болгон “Манас” университетине болгон кызыгуусу жана туруктуу колдоосу үчүн Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдоганга, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровго, Камкорчулар кеңешинин төрагасы, профессор Ибрахим Чапакка жана Камкорчулар кеңешинин бардык мүчөлөрүнө ыраазычылык билдирди.

Камкорчулар кеңешинин мүчөлөрү да “Манас” университети Кыргызстанды жогорку билүү берүү тарыхында биринчи жолу дүйнөлүк деңгээлге чыгарганын эске салып, бул маанилүү ийгиликке манастыктар менен бирге жетишкен ректор Жейланга ыраазычылык билдиришти.

Жолугушууда университеттин академиялык жана административдик  маанилүү маселелери каралды.

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/DBRolXotzeC/?igsh=MXJ1enBiN3F2ejRvbw=

    Социалдык медиада бөлүшүү