Түркология бөлүмүнүн семинарлары башталды


  • 2024-10-21

2024-жылдын 17-октябрында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин гуманитардык факультетинин түркология бөлүмүнүн кезектеги семинары болуп өттү. “Ахмет Байтурсун уулу жана түрк тилдеринин терминология маселеси” деген темада өткөрүлгөн семинар “Түркология бөлүмүнүн семинарлары” сериясынын алкагында уюштурулду.

Семинарды Казахстан Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги, филология илимдеринин доктору, профессор Шерубай Курманбай уулу өтүп, анда казак тили жана адабият таануу илимдерине негиз салуучусу, мамлекеттик ишмер, акын, публицист Ахмет Байтурсун уулунун түрк тилдеринин терминологиясын калыптандыруудагы жана өнүктүрүүдөгү маанилүү сунуш-пикирлери, кошкон салымы талкууга алынды.

Филология илимдеринин доктору, профессор Шерубай Курманбай уулу агартуучу Ахмет Байтурсун уулу тарабынан сунушталган түрк тилдеринин терминологиясын өнүктүрүү, түзүү жолундагы принциптер, андан улам келип чыккан айырмачылыктар жана алардын жетишкендиктери менен кемчиликтери тууралуу кеңири маалымат берди.

Профессор Шерубай Курманбай уулу өз сөзүндө Ахмет Байтурсун уулунун термин түзүү жолундагы тажрыйбасы жана принциптери бүгүнкү күндө да өз актуалдуулугун жоготпогонун белгилеп, сөзүн мындай деп улантты: “Көрүнүктүү түркологдун илимий эмгектери жана сунуштары бүгүнкү күндө дагы өзөктүү болуп жатат. Анткени анын ыкмалары улуттук тилдердин сакталышына жана алардын өнүгүүсүндө маанилүү роль ойнойт. Бул теманын атайын изилдениши анын илимий мурасын толук кандуу түшүнүүгө жана аны азыркы терминология маселелеринде колдонууга мүмкүндүк берет.”

Иш-чаранын соңунда түркология бөлүмүнүн башчысы, PhD., профессор Озан Йылмаз профессор Шерубай Курманбай уулуна ыраазычылык баракчасын тапшырды.

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/manasuniv/p/DBYOJRQNej6/

Manas TV'nin Haberi:

https://youtu.be/-DwFPZeq9_Q?si=n4LiNdImE3hvfV_b

    Социалдык медиада бөлүшүү