Малайзиянын Эл аралык ислам университетинин делегация өкүлдөрү КТМУда


  • 2024-10-23

2024-жылдын 22-октябрында Малайзиянын Эл аралык ислам университетинен келген делегация ѳкүлдѳрү менен жыйын өткөрүлдү.

Делегациялык курамды аталган окуу жайдын Башкаруу кеңешинин мүчөсү, док. Саид Хусейн аль Хабший, бүтүрүүчүлөр жана кесиптик изилдөөлөр академиясынын деканы, PhD., профессор Бадри Нажиб бин Зубир, туруктуу туризм жана заманбап тилдер факультетинин деканы, PhD., профессор Мохд Азрул Азлен бин Хамид, студенттик кызматты жогорулатуу жана кабыл алуу бюросунун башчысы Сити Айша Ибрахим түздү.

Жыйынга КТМУнун биринчи проректору, саясий и.к., доцент Алмаз Ибраев, проректор, PhD.,  профессор Режаи Доган, ЖОЖдон кийинки билим берүү институтунун мүдүрү, PhD., профессор Кадир Ардыч, туризм факультетинин декан жардамчысы, доц.м.а.док. Нарынгуль Маргазиева катышты.

Окумуштуулар кеңешинин жыйындар залында ѳткөн жолугушууда алгач окуу жайдын таанытуу тасмасы көрсөтүлдү.

Андан соң КТМУнун биринчи проректору, саясий и.к., доцент Алмаз Ибраев Малайзиянын Эл аралык ислам университетинен келген делегация ѳкүлдѳрүнүн “Манас” университетине келгенине кубанычта экендигин белгилеп, буларга токтолду: “Эл аралык университет катары бүткүл дүйнө жүзүндөгү окуу жайлар менен кызматташтыгыбыз бар. Бүгүнкү күндө Түркиянын жана башка өлкөлөрдүн түрдүү университеттери менен активдүү иш алып барган келишимдер түзүлгөн. Малайзиянын Эл аралык ислам университети менен да кызматташууга ачыкпыз жана биргелешкен илимий долбоорлорду ишке ашырууга даярбыз.”

Жыйындын жүрүшүндө тараптар илимий изилдөөлөрдү биргелешип ишке ашыруу, профессордук-окутуучулук курам жана студент алмашуу программалары, академиялык программаларды өнүктүрүү жаатында кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Суроо-жооптор менен коштолгон жыйын эстеликке жамааттык сүрөткө түшүү менен соңуна чыкты.

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/DBfX3iIRGAe/?igsh=ZTk5YWRuaGQ4Ym5n

    Социалдык медиада бөлүшүү