“Манас” университетине Наманган инженердик-технологиялык институтунун өкүлдөрү келишти


  • 2024-10-25

2024-жылдын 25-октябрында Наманган инженердик-технологиялык институтунун өкүлдөрү Кыргыз-Түрк “Манас” университетине келишти.

Жыйындын алкагында делегациянын курамындагы коммуникация инженериясы бөлүмүнүн деканы Файзулло Нишонов, экономика бөлүмүнүн башчысы Ойбек Арипов, билим берүү жана методология бөлүмүнүн башчысынын орун басары Музаффар Дадамирзаев, магистратура бөлүмүнүн башчысы Алимардон Хабибуллаев жана бухгалтерия бөлүмүнүн башчысы Бахтияржон Муллабаев, КТМУнун проректору, PhD.,  профессор Режаи Доган менен жолугушту.

Жолугушууда академиялык жана илимий тармактарда тажрыйба алмашуу, профессордук-окутуучулук курам жана студент алмашуу программалары жана келечекке багытталган эки тараптуу кызматташтык мүмкүнчүлүктөрү боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.

Ошондой эле делегациянын КТМУнун инженердик, ветеринария факультеттери, ЖОЖдон кийинки билим берүү институту жана ректорат сыяктуу бирикмелерде өткөргөн жолугушуулары менен келечектеги биргелешкен долбоорлорго оң негиз түздү.

    Социалдык медиада бөлүшүү