2024-жылдын 28-октябрында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде 29-октябрь - Түркиянын Республика майрамын белгилөө иш-чараларынын алкагында шамана менен жөө жүрүш уюштурулду.
Чыңгыз Айтматов атындагы студенттик шаарчанын Республиканын 100 жылдыгы көчөсүн бойлой өткөн бул маанилүү жөө жүрүш окуу жайдын тарыхында экинчи жолу чоң салтанат менен өткөрүлдү.
Желектер жана шаманалардын коштоосунда өткөн жөө жүрүш республика сүйүүчүлөрдүн башын бириктирди. Мекен сүйүүсүнө толгон жүрөктөр гимндердин коштоосунда Түркия Республикасынын 101-жылдыгын чоң сыймык менен белгиледи.
Шамана менен жөө жүрүштүн акыркы аялдамасы болгон “Оба” чай бакчасында эки өлкөнүн мамлекеттик гимндери жаңырды. Андан соң ай жылдыздуу Түркиянын, Кыргызстандын жана түрк дүйнөсүнүн желектери сыймык менен желбиреди.
Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, Phd., профессор Алпаслан Жейлан иш-чаранын соңунда бардык катышуучуларга кайрылып, мындай деди: “29-октябрь-Республика майрамыбыз кут болсун! Бул майрам келечектеги жаштарыбызга жаңы жол ачсын; Түрк республикалары түбөлүк жашасын!”
Теңир-Тоонун этегинде биримдиктин жана ынтымактын символуна айланган шамана менен жөө жүрүш боордош элдер арасындагы күчтүү байланышты дагы бир жолу көрсөтө алды. “Манас”университети үй-бүлөсүнүн жүрөгүндө терең из калтырды.
Haberin Fotoğrafları:
https://www.instagram.com/p/DBrNvVstzs7/?igsh=MWxpNm81dnhxMDNodg==
https://www.instagram.com/p/DBrQpGft0JZ/?igsh=bXlxMGZxbXJwMTFp
https://www.instagram.com/p/DBrRPl0teYS/?igsh=ZmdiMTFqaXh3Nmxt
Instagram:
https://www.instagram.com/reel/DBrTBtKNmeT/?igsh=MWY1ODkyeGs5bm1ieA==