Ректор, PhD., профессор Алпаслан Жейлан Монголия Республикасынын “Достук” медалы менен сыйланды


  • 2024-10-31

Үстүбүздөгү жылдын 30-октябрында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, PhD., профессор Алпаслан Жейланга Монголия Республикасы тарабынан “Достук” медалы ыйгарылды.

Сыйлыкты Монголиянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ганхуяг Содном тапшырды.

“Достук” медалы ректор, PhD., профессор Алпаслан Жейланга Монголия Республикасы боюнча маанилүү изилдөөлөрдү жүргүзгөндүгү, ишке ашырган долбоорлору, түрк элдеринин маданияты, тарыхы боюнча илим-билимге кошкон салымы менен Кыргызстан, Түркия жана Монголиянын ортосундагы достукту жана кызматташтыкты өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ыйгарылды.

Элчи Ганхуяг Содномдун айтымында, бул сыйлык Монголия Республикасынын Президенти Ухнаагийн Хурэлсух тарабынан өлкөлөр аралык достук жана кызматташтыкка жигердүү салым кошкондорго ыйгарылат. Алардын арасында КТМУнун ректору, PhD., профессор Алпаслан Жейландын да болгонуна кубанычта экенин билдирген элчи өлкө башчысы Ухнаагийн Хурэлсухтун  атынан бул медалды тапшыруу ал үчүн чоң сыймык экенин баса белгиледи. “Түркия Республикасынын 101-жылдыгы менен куттуктайм! Сыйлыкты атайын 29-октябрь – Түркиянын Республика майрамында ыйгарууну туура көрдүк. Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору катары да студенттерге, айрыкча Монголиядан келген студенттерге көрсөткөн колдооңуз үчүн ыраазычылык билдиребиз”, - деген элчи Ганхуяг Содном “Манас” университетин бүтүргөн монгол студенттер өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөгө салым кошуп жатышканын кошумчалады.

Ректор, PhD., профессор Алпаслан Жейлан өз сөзүндө өлкөлөр арасындагы боордоштуктун маанилүүлүгүнө көңүл буруп, буларга токтолду: “Монголия – мен эң көп илимий изилдөөлөрдү, археологиялык чалгындоолорду жүргүзгөн өлкөлөрдүн бири. Монголия менен түрк элдеринин байланышы байыркы доорлордон бери бар. Бул боордоштук бүгүнкү күндө дагы өнүгүп, өсүп жатканын көрүп абдан кубандым. Бул медаль мага Монголия менен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүнү улантууга чоң шык берди. Айрыкча, Монголиянын Президентинен мындай сыйлык алуу мен үчүн чоң сыймык. Мындан ары да бул географияда монгол тарыхы жана түрк тарыхы боюнча изилдөө иштеримди уланта бермекчимин.”

“Манас” университетинин ректорлук кызматын аркалап баштагандан бери  окуу жайда монгол жаштарынын билим алуусуна болгон аракетин жумшап келе жатканын айткан ректор сөзүн мындай деп жыйынтыктады: “Жаштар келечекте бүт дүйнөгө жарык чачат деп ишенем. Ага ылайык, көптөгөн элчилер менен жолугушуп турабыз. Баса белгилеп айткым келет, Монголиянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ганхуяг Содномдун монгол студенттеринин көйгөйлөрүн чечүүгө аракет кылып жатканы, алар менен ар дайым байланышта болгону мени абдан кубандырат.”

Сыйлык тапшыруу аземи эстеликке сүрөткө түшүү менен аяктады.

PhD., профессор Алпаслан Жейлан өмүрүн түрк тарыхына жана түрк дүйнөсүнө арнап, кесиптик жолунда, айрыкча, акыркы 25 жылдын ичинде Чыгыш Анадолу, Түндүк-Чыгыш Анадолу, Кавказ жана Борбордук Азиянын байыркы тарыхы жана маданияты боюнча эл аралык илимий изилдөөлөрдү, археологиялык чалгындоолорду жүргүзгөндүгү жана долбоорлорду ишке ашыргандыгы менен белгилүү. PhD., профессор Жейландын бул жаатта Азербайжан, Монголия, Грузия, Россия, Иран, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан, Нахчыван, Түркмөнстан жана Ливиядагы түрк маданияты, тарыхы боюнча илимий долбоорлору изилдөөчүлөр тарабынан реферанс катары каралууда. Ректор Жейлан тармакта түрдүү эл аралык уюмдардагы төрагалык кызматтары менен да таанылып келет.

“Манас” университетинин жалпы жамаатынын атынан ректор, PhD., профессор Алпаслан Жейланды бул баалуу сыйлыгы менен куттуктап, алып барган иштери бүткүл түрк дүйнөсүнө жана адамзатка салым кошууну уланта берет деген ишеничтебиз.

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/DBx_azUtvXN/?igsh=MTN2MTJ5a3lkdTM3ag==

    Социалдык медиада бөлүшүү