Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин айыл чарба факультети тарабынан 2024-жылдын 1-ноябрында “Климаттын өзгөрүшү жана анын таасирлери” аттуу илимий жыйын өткөрүлдү.
Касым Тыныстанов атындагы жыйындар залында уюштурулган иш-чара 2024-жылдын 11-22-ноябрь күндөрү Азербайжандын борбор калаасы Бакуда өтө турган БУУ Климат конференциясына даярдануу болду.
Илимий жыйынга КТМУнун проректору, PhD., профессор Режаи Доган, айыл чарба факультетинин деканы, PhD., профессор Ахмет Айгүн, гуманитардык факультетинин деканы, PhD., профессор Алпаслан Ашык, профессордук-окутуучулук курам жана студенттер катышты.
“Климаттын өзгөрүүсү глобалдык көйгөй”
Илимий жыйындын ачылыш сөзүн сүйлөгөн проректор PhD., профессор Режаи Доган өнөр жай төңкөрүшүнөн кийин атмосферадагы өзгөрүү ылдамдыгынын жогорулаганын белгилеп, бул абалдын эң чоң себебинин парник газдарынын топтолушу экенин баса белгиледи. Климаттын өзгөрүүсү аймактык гана эмес, глобалдык көйгөй экенин баса белгилеген PhD., профессор Доган бул темада бардык өлкөлөрдүн жоопкерчиликтүү экенин белгиледи.
Климаттын өзгөрүшү тамак-аштан ден соолукка, урбанизациядан инфраструктуралык инвестицияга чейин кеңири чөйрөгө таасир эткенин белгилеген PhD., профессор Доган: “Бул Кыргызстандын, Африканын же Европанын гана маселеси эмес; дүйнөдөгү бардык өлкөлөрдүн орток көйгөйү”, - деди.
“Келечек муундарга ишенимдүү планета ташташыбыз керек”
Климат кризиси тууралуу дүйнө жүзү боюнча маалымдуулукту арттыруунун маанисине көңүл бурган проректор Доган: “Биз бир планетада жашайбыз жана бул процесс адам өмүрүн коркунучка салган деңгээлге жетти, келечек муундарга коопсуз планета калтыруу үчүн жоопкерчиликтүү болушубуз керек”, - деди.
Иш-чаранын климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу маалымдуулугун арттырып, илимге баалуу салым кошо турганын айткан PhD., профессор Доган иш-чараны уюштурган айыл чарба факультетине жана катышуучуларга ыраазычылык билдирди.
Илимий жыйында доц.м.а.док. Кубат Кемелов “Климаттын өзгөрүшүнүн себептери жана кесепеттери” аттуу баяндамасында климаттын өзгөрүшүнө себеп болгон факторлорду илимий өңүттөн талкуулады. Доц.м.а.док. Разия Абдиева “Кыргыздардын чарбачылыгында климаттын өзгөрүшүн кабылдоо” аттуу презентациясы менен климаттын өзгөрүшүн социалдык өңүтүнө токтолду. Доцент Эрен Өзден “Климаттын өзгөрүшүнүн айыл чарба өндүрүшүнө тийгизген таасири” аттуу баяндамасында климаттын өзгөрүшүнүн айыл чарба өндүрүшүнө тийгизген кесепеттерин карап чыкты. Климаттын өзгөрүшүнүн айыл чарба тармагына тийгизген таасирин кеңири айтып берип, бул тармакта кездешкен көйгөйлөр жана потенциалдык чечимдер менен бөлүштү.
Илимий жыйында климаттын өзгөрүшүнүн себептери, анын коомго чагылдырылышы жана айыл чарба өндүрүшүнө тийгизген таасири академиялык алкакта талкууланды.
Иш-чара суроо-жооп бөлүмү менен соңуна чыкты.
Haberin Fotoğrafları:
https://www.instagram.com/p/DB63g0cNQrt/?igsh=Njg2NHJzeWNuZGsz