“Манас” университети TOBB мүчөлөрүн кабыл алды


  • 2024-11-07

Түркиянын Палаталар жана товардык биржалар биримдигинин (TOBB) төрагасы М. Рифат Хисаржиклыоглунун чакыруусу менен Бишкекке келген TOBB мүчөлөрү 2024-жылдын 6-ноябрында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде болушту.

Проректор, PhD., профессор Режаи Доган, ректордун кенешчиси,  PhD., профессор Кемал Полат, теология факультетинин деканы, PhD., профессор Хасан Айык жана тышкы байланыштар бюросунун директору, док. Кадри Акгүн тарабынан кабыл алынган делегацияда TOBB Башкаруу кеңешинин  мүчөсү жана Айдын Соода палатасынын төрагасы Хакан Үлген, Зонгулдак Соода жана өнөр жай палатасынын төрагасы Метин Демир, Адыяман Соода жана өнөр жай палатасынын төрагасы Мехмет Торуноглу, Кастамону Соода жана өнөр жай палатасынын төрагасы Огуз Фындыкоглу, Кастамону Соода биржасынын төрагасы Сердар Избели, Чорум Соода биржасынын төрагасы Наки Өзкубат, TOBB жетекчилигинин башкы кеңешчиси Хүсейн Чагры Гүргүр жана TOBB палатасынын төрагасы Волкан Туфан болду.

Ректорлуктун  окумуштуулар кеңешинин жыйындар залында орун алган делегацияны TOBB Башкаруу кеңешинин  мүчөсү жана Айдын Соода палатасынын төрагасы Хакан Үлген жетектеди.

“Манас” университетинин таанытуу тасмасын көрсөтүү менен башталган жолугушууда проректор, PhD., профессор Режаи Доган “Университеттен да артык...” урааны менен иш алып барган окуу жайдын миссиясын жана концепциясын баса белгиледи. PhD., профессор Режаи Доган дүйнөдөгү эң алдынкы 1000 университеттин катарына кирген “Манас” университетинин инфраструктуралык түзүмү жана билим сапаты жөнүндө маалымат берди. Университеттер ар кандай тармактар менен кызматташуу аркылуу туруктуу ийгиликке жете ала тургандыгын айткан PhD., профессор Доган мындай жолугушуулар келечектеги кызматташтыктын негизин түзөрүн белгилеп, делегация мүчөлөрүнө иш сапар үчүн ыраазычылык билдирди.

Төрага Хакан Үлген делегациянын атынан сүйлөп жатып, Советтер Союзунун кулашынан жана Түрк мамлекеттеринин көз карандысыздыгынан кийин калыбына келтирилген мамилелердеги жетишкендикке көңүл буруп, “Маркум Демирел жана ошол мезгилдеги олуттуу саясий мамлекеттик ишмерлер тарабынан горизонтту сызуу менен башталган процесс ушул күндөрү көбүрөөк жемишин бере баштады. Түрк мамлекеттер уюму чындыкка айланды. Биз Палаталар биримдиги жана бүткүл иш дүйнөсү катары түрк бар болгон бардык жерде биз да барбыз жана кызматташтыгыбыз менен бардык тармактарда мамилелерибизди бекемдөөгө салым кошобуз”, - деди.

Үлген илим уясы болгон университеттер коомго, ошол эле учурда бүткүл дүйнөгө кызмат кылаарын айтып, университеттердин иш дүйнөсү менен кызматташуусунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, жакында “Манас” университети менен жаңы келишимдерге кол коё тургандыктарын билдирди.

Сөзүнүн соңунда Үлген “Манас” университенин жетекчилигинин меймандостугу үчүн ыраазычылык билдирип, ата-бабаларыбыздын жеринде түрк маданиятын жашатып, өтмүш менен келечек ортосунда бекем байланыш түзгөн окуу жайга келгендиги үчүн абдан кубанычта экенин айтты.

Достук маанайда өткөн жолугушуу эстеликке сүрөткө түшүү менен аяктады.

Андан соң делегациянын өкүлдөрү теология факультетинин деканы, PhD., профессор Хасан Айыктын коштоосунда Абдулкерим Сатук Бугра Хан мечитин зыярат кылды.

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/manasuniv/p/DCEBwOJtqqv/

    Социалдык медиада бөлүшүү