Түркия Республикасынын негиздѳѳчүсү, улуу лидер Мустафа Кемал Ататүрктүн дүйнөдөн кайтканынын 86 жылдыгына карата Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги тарабынан “Ататүрк” сейил багында гүлчамбар коюу аземи уюштурулду.
Иш-чарага Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчиси Ахмет Садык Доган, элчиликтин жана ага караштуу мекемелердин өкүлдөрү, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, Phd., профессор Алпаслан Жейлан, академиялык жана административдик кызматкерлер, студенттер, Түркия Республикасынын Кыргызстандагы элчилигинин билим берүү боюнча кеңешчилигине караштуу мекемелердин окутуучулары менен окуучулары, түрк уюмдарынын жетекчилери жана басма сөз кызматынын өкүлдөрү катышты.
Иш-чара Ататүрктүн эстелигине гүлчамбар коюу менен башталды. Алгач Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчиси Ахмет Садык Доган элчиликтин атынан гүлчамбар койду. Андан соң ТКТРнын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректораты, Режеп Тайып Эрдоган атындагы Бишкек Кыргыз-Түрк достугу ооруканасы, Түрк кызматташуу жана координациялоо агенттиги, Түркия-Кыргызстан ишкерлер коому жана Кыргызстандагы Ахыска түрктөр коому гүлчамбарларын коюшту.
Саат 9:05те улуу лидер Мустафа Кемал Ататүрктү жана шейиттерди сиренанын коштоосунда эки мүнөттүк эскерүү болуп, андан соң Түркиянын гимни аткарылды.
Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчиси Ахмет Садык Доган аземде сүйлөгөн сөзүндө буларга токтолду: “Бүгүн, Боштондук согуштун башкы колбашчысы жана республиканын негиздөөчүсү Гази Мустафа Кемал Ататүрктүн дүйнөдөн кайтканынын жылдыгында аны менен бирге күрөшкөн бардык баатырларды, ардагерлерди жана шейиттерди терең урматтоо жана ыраазычылык менен эскеребиз. Биз мекен үчүн миңдеген жылдар бою күрөшкөндөрдүн жаркын элесин сыйлайбыз.”
Элчи Доган Ататүрктүн көз карандысыздык үчүн күрөшү менен түрк элине жаңы горизонтторду ачкандыгын баса белгилеп, “Ататүрк негиздеген республикага эң чоң салым – биримдигибизди, тилектештигибизди жана боордоштугубузду бекем коргоо”, - деди. Ошондой эле мекен, желек, улут жана эркиндик сыяктуу түрк тарыхынын бүтүндүгүндөгү баалуулуктардын маанилүүлүгүнө көңүл буруп, мындай деп улантты: “Бардык түрк жазуулардан Гази Мустафа Кемал Ататүрктүн Нутукка чейин, Тонюкуктан Зия Гөкалпка чейин, Мехмет Акифтен Назым Хикметке чейин баарында жалпы баалуулуктар бар: мекен, желек, улут жана эркиндик. Республиканы ишеним көрсөтүп тапшыргандарга татыктуу болуу үчүн ар бир тармакта күнү-түнү иш алып барууну токтотпойбуз. Биз тарыхты биримдик ичинде окуп, өткөндөн сабак алып, жаңы горизонтторго багыт алышыбыз керек.”
Ататүрктүн эстелигине гүлчамбар коюу аземи сүрөткө түшүү менен соңуна чыкты.
Haberin Fotoğrafları: