Улуу жол башчы Гази Мустафа Кемал Ататүрктүн дүйнөдөн кайтканына 86 жыл толду. Ага ылайык, 10-ноябрь - Ататүрктү эскерүү иш-чарасы уюштурулду.
КТМУнун Түрк цивилизациясын изилдөө борбору тарабынан ректорлуктун жыйындар залында уюштурулган иш-чарага Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, PhD., професссор Алпаслан Жейлан, биринчи проректор, саясий и.к., доцент Алмаз Ибраев, проректорлор PhD., профессор Режаи Доган, PhD., профессор Камалбек Карымшаков, окутуучулар жана көптөгөн студенттер катышты.
Иш-чара бир мүнөттүк эскерүү жана боордош эки өлкөнүн улуттук гимндерин аткаруу менен башталды. Андан соң Ататүрк тууралуу кыска даректүү тасма көрсөтүлдү.
Программанын ачылыш сөзүн сүйлөгөн биринчи проректор, саясий и.к., доцент Алмаз Ибраев Түркия Республикасынын негиздөөчүсү Гази Мустафа Кемал Ататүрктү эскерүү иш-чарасынын тарыхый маанисине көңүл буруп, “Өлкөнүн тарыхын өзгөрткөн же анын тарыхында жаңы барак ачкан улуу даанышмандардын өмүр таржымалын билүү биз үчүн чоң милдет”, - деди.
Биринчи проректор, саясий и. к., доцент Алмаз Ибраев өз сөзүндө ой жүгүртүүнүн жана лидерликтин маанилүүлүгүнө токтолуп, “Ой жүгүртүүсү күчтүү адамдан корккула!” – деп, лидерлер революцияларды гана жасабастан, мамлекеттин келечеги жөнүндө да ойлонушканын баса белгиледи. Ошондой эле түрк элинин Ататүрктүн көз карашына ылайык мамлекеттин келечегин куруу үчүн маанилүү кадамдарды жасаганын белгилеп, Түркиянын бүгүнкү күндө өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кирип, экономика, билим берүү, маданият жана аскердик жактан бир топ ийгиликтерге жетишкенин айтты.
Саясий и.к., доцент Ибраев Ататүрктүн “Өз мекенин сүйгөн – өз милдетин эң жакшы деңгээлде аткарган адам” деген сөзүнө токтолуп, адамдардын өз өлкөсүнө берилгендиги алардын ишинде чагылдырыларын, ошондуктан алар ар дайым өз ишинде мыкты болууга умтулушу керектигин баса белгиледи. Саясий и.к., доцент Ибраев Мустафа Кемал Ататүрктүн мекенге болгон сүйүүсүн баса белгилеп, мунун негизинде 101 жаштагы Түркия Республикасы бекем тургандыгын билдирди.
Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, PhD., профессор Алпаслан Жейлан өз сөзүндө бул күндүн маңызын жана маанисин белгилеп, Ататүрктү эскерүү – өткөндү гана эмес, анын көз карашынын өзгөчөлүгүн, көрөгөчтүгүн жана баалуулуктарын түшүнүү жана аларды келечек муундарга өткөрүп берүү дегенди билдирет”, - деди. Ректор, PhD., профессор Жейлан Ататүрк лидер гана болбостон, өз элинин жүрөгүнөн орун алган жана дүйнө жүзүндө бааланган көрөгөч инсан болгонун айтып, мындай деди: “Анын түрк болгонума бактылуумун деген сөзү – биздин улуттук сыймыгыбыздын эң күчтүү көрсөткүчү. Биз түрк элинин биримдиги жана тилектештиги үчүн ар дайым ушул идеалдардын жолун жолдошубуз керек.”
Ректор, PhD., профессор Жейлан өз сөзүндө Ататүрк азыркы Түркиянын пайдубалын аскердик жеңиштер менен гана эмес, ал жүргүзгөн радикалдуу реформалар менен да түптөгөнүн айтып, “Ал эң чоң согушту сабатсыздыкка каршы жүргүзүп, билимге чоң маани берген. Аялдардын укуктарынан баштап индустриялаштырууга чейин, бардык тармактарда элдин жыргалчылыгы жана өлкөнүн көз карандысыздыгы үчүн иштеген”, - деди.
PhD., профессор Жейлан Ататүрктүн “же көз карандысыздык же өлүм!”- деген сөзү түрк элинин көз карандысыздык үчүн күрөштө чечкиндүүлүгүн көрсөткөндүгүн баса белгилеп, бул чечкиндүүлүк боштондук согушунун ар бир этабында чечүүчү роль ойногонун эске салды. PhD., профессор Жейлан Ататүрктүн аялдардын укуктары боюнча прогрессивдүү позициясына көңүл буруп, Ататүрктүн “Оо, баатыр түрк аялдары, силер жерде тепселенгенге эмес, тескерисинче, тик туруп, асманга көтөрүлүүгө татыктуусуңар!” – деген сөзүн айтып, аялдарга өзгөчө маани бергенин көрсөтүп, коомдук тең укуктуулукту коргогонун белгиледи.
Ататүрктүн дүйнөдөгү орду жана түрк дүйнөсүнө тийгизген таасири
PhD., профессор Алпаслан Жейлан Ататүрк Түркияда гана эмес, дүйнө жүзүндө кадыр-барктуу лидер болгонун айтты. Индия парламентинин төрагасы Сучета Крипалани, Улуу Британиянын премьер-министри Уинстон Черчилль жана АКШнын президенти Франклин Рузвельт Ататүрктү мактап, анын көз карашын жогору баалаганын эске салып, Ататүрк көз карандысыздык үчүн күрөштө дүйнө элдерин шыктандырганын билдирди.
Ататүрк түрк дүйнөсүндө да символ катары белгилүү экенин айткан ректор Бишкектеги “Ататүрк” сейил багы жана Ош менен Ысык-Көлдө орнотулган эстеликтер Ататүрккө болгон сүйүүнүн жана урматтоонун көрсөткүчү экенин белгиледи.
Аземдин аягында PhD., профессор Жейлан: “Ататүрктү жана анын куралдаш жолдошторун, шейиттерди жана ардагерлерди терең урматтоо менен эскеребиз. Анын идеялары жана баалуулуктары бизге ар дайым жол көрсөтөт”, - деп сөзүн жыйынтыктады.
Ачылыш сөздөрүнөн кийин көркөм өнөр факультетинин музыка бөлүмүнүн бүтүрүүчүсү Айзирек Абдрашитованын аткаруусунда Ататүрктүн жакшы көргөн ырлары жаңырды.
Эскерүү иш-чарасы КТМУнун гуманитардык факультетинин түркология бөлүмүнүн ага окутуучусу, доцент Эрдал Айдогмуш “Ататүрк жана тил” аттуу баяндама жасады. Доцент Айдогмуш түрк дүйнөсүнүн алкагында Ататүрктүн түрк тилине маани бергенин жана бул жааттагы кошкон салымдары тууралуу катышуучуларга маалымат берди.
Семинардын соңунда доцент Айдогмушка ректор, PhD., профессор Алпаслан Жейлан жана биринчи проректор, саясий. и.к., доцент Алмаз Ибраев тарабынан ыраазычылык баракчасы ыйгарылды.
Иш-чара эстеликке сүрөткө түшүү менен соңуна чыкты.
Haberin Fotoğrafları:
https://www.instagram.com/p/DCPaBtitjfW/?igsh=MXQxNHNjZDJpaHNkZQ==