Үстүбүздөгү жылдын 13-ноябрында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректорлук жыйындар залында 2024-2025-окуу жылынын студенттик кеңеш башкармалыгынын башкаруу жана текшерүү комитеттерине өкүлдөрдү шайлоо болуп өттү.
2024-жылдын 13-ноябрында өткөрүлгөн шайлоого КТМУнун проректору, PhD., профессор Камалбек Карымшаков, студенттик кеңеш башкармалыгынын жалпы комитетинин төрагасы, доц., док. м.а. Серхат Атмажа, ден соолук, маданият жана спорт башкармалыгынын кызматкери Бектурсун Сыдыков, студенттик кеңеш башкармалыгынын мүчөлөрү, факультеттин жана бөлүмдүн өкүлдөрү катышты.
Проректор, профессор Камалбек Карымшаков өз сөзүндө активдүү иш алып барып жаткан студенттик кеңеш башкармалыгына ыраазычылык билдирди. Андан соң шайлоо комиссиясынын мүчөсү, доц., м.а. Серхат Атмажа шайлоонун жүрүшү, талапкерлер жөнүндө деталдуу маалымат берди.
Шайлоо комиссиясынын билдирген маалыматына ылайык, бул жылы студенттик кеңеш башкармалыгынын башкаруу жана текшерүү комитеттерине өкүлдөрдү шайлоого жалпы он сегиз талапкер табыштама жөнөтүп, алардын ичинен он беш талапкердин табыштамасы кабыл алынган. Башкаруу комитетине он эки, ал эми текшерүү комитетине үч студент талапкерлигин койгон.
2023-2024-окуу жылында студенттик кеңеш башкармалыгынын төрагалык милдетин аткарган Элдияр Асылбеков жана анын орун басары Бурак Жан бир жыл ичинде аткарылган илимий, маданий, спорттук иш-чаралар тууралуу деталдуу презентация жасашты.
Добуш берүүнүн алдында талапкерлерге өздөрүн тааныштырууга, сунуш-пикирлерин айтууга орун берилди.
Жабык түрдө өткөрүлгөн шайлоодо факультеттин жана бөлүмдүн өкүлдөрү талапкерлерге добуш беришти. Добуш берүүнүн жыйынтыгында 2024-2025-окуу жылында студенттик кеңеш башкармалыгынын төрагасы болуп тарых бөлүмүнүн 4-курсунун студенти Акмат Бактыбек уулу, ал эми анын орун басары болуп ветеринария бөлүмүнүн 2-курсунун студенти Ибрахим Тан шайланды.
“Манас” университетинин атынан жаңы дайындалган төраганы жана анын командасын куттуктап, иштеринде ийгиликтерди каалайбыз!
Haberin Fotoğrafları:
https://www.instagram.com/p/DCbP_hltJ_t/?igsh=aDA5ajJ3d2Q5eng5