Үстүбүздөгү жылдын 15-ноябрында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Касым Тыныстанов атындагы жыйындар залында “Эл аралык рейтингтерде алдыңкы орундарды көздөй: Академиялык кызматкерлердин ролу жана стратегиялар” деген темада семинар болуп өттү.
Семинарды Ататүрк университетинин коммуникация факультетинин журналистика бөлүмүнүн башчысы жана корпоративдик коммуникациялар боюнча директор, PhD., профессор Бесим Йылдырым өтүп, ага КТМУнун ректору, PhD., профессор Алпаслан Жейлан, проректорлор PhD., профессор Режаи Доган жана PhD., профессор Камалбек Карымшаков, ректордун кеңешчилери PhD., профессор Кемал Полат, доцент Сейил Нажимудинова жана профессордук-окутуучулук курам катышты.
Аталган иш-чаранын ачылыш сөзүн сүйлөгөн ректор, PhD., профессор Алпаслан Жейлан окуу жайдын мындан аркы милдети - боордош эки өлкөнүн ажолору алдыга койгон максаттарга ылайык, дагы да жакшысын аткарууга умтулуу жана аны ишке ашыруу экенин баса белгилеп, “Токтобойбуз! Жолубузду улантабыз. Эң негизги жүк биздин профессордук-окутуучулук курамда. Албетте, биздин эң негизги милдетибиз - ийгиликтүү, акылдуу балдарыбызга эң мыкты деңгээлде билим берип, аларды ийгиликтүү бүтүрүү”, - деди.
Академиялык перфекционизмдин маанисине көңүл бурган ректор сөзүн мындай деп улантты: “Биз урматтуу эже-агайлардын кылган аракетине, мээнетине ишенебиз. Бул жаатта Түркиядагы мындай ишти жогорку деңгээлде аткарган университеттер менен сүйлөшүүлөрдү улантабыз. Ага ылайык, ийгиликтүү, мыкты иштерди алып барган Бесин агайды окуу жайыбызга чакырдык.”
Семинардын жүрүшүндө PhD., профессор Бесим Йылдырым эл аралык рейтингдик уюмдардын баалоо системасы, маанилүү критерийлер, тизмеде жогорку окуу жайлардын орун алуусу жана бул жаатта академиялык кызматкерлер кандай иш алып баруусу, эмнеге көңүл буруусу керектиги тууралуу катышуучуларга деталдуу маалымат берди.
Университеттердин эл аралык рейтингдерде көтөрүлүшү бир гана академиялык жетишкендиктерге байланыштуу эместигин белгилеген PhD., профессор Йылдырым окуу жайдын жетекчилиги менен профессордук-окутуучулук курам стратегиялык иш план иштеп чыгуусу керектигин айтты. “Академиялык кызматкерлердин эл аралык деңгээлде активдүү болуусу, сапаттуу изилдөөлөрдү жүргүзүү жана кызматташууларды түзүү университеттердин рейтингде алдыңкы орундарга чыгуусуна шарт түзөт. Ошондуктан бул рейтингдик уюмдардын критерийлеринин алкагында иш алып баруу жана жакшы чекке жетүү бул университетке квалификациялуу окутуучуларды, студенттерди тартууда да маанилүү фактор болуп, сапаттуу пайдубал түзүүгө жардам берет”, - деген PhD., профессор Йылдырым рейтингде жогорку позицияларга ээ болгон университеттер академиялык дүйнөдө жана коомчулукта жогорку кадыр-баркка ээ болушарын кошумчалады.
Семинарды жогорку деңгээлде өтүп, баалуу жана керектүү маалыматтар менен бөлүшкөнү үчүн PhD., профессор Бесим Йылдырымга ыраазычылык баракчасы ыйгарылды.
Иш-чара эстеликке жамааттык сүрөткө түшүү менен соңуна чыкты.
Haberin Fotoğrafları:
https://www.instagram.com/manasuniv/p/DCjOI8pNEiD/
Manas TV'nin Haberi:
https://youtu.be/ER0HCKnVj08?si=Dt82lQ3oxrLmYHMj
Manas TV'nin Programı: